https://sputnik.kg/20210412/kr-prezidenttik-innovaciyalyk-mektep-achylat-1052104682.html
Министр: КРде алгачкы жолу президенттик инновациялык мектеп ачылат
Министр: КРде алгачкы жолу президенттик инновациялык мектеп ачылат
Sputnik Кыргызстан
Маалыматка караганда, инновациялык мектепте 400 бала жатып окуйт. Мындан тышкары, чейрек сайын 300дөй бала аймактардан келип, билим алып кайра кетип турат. 12.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-12T16:15+0600
2021-04-12T16:15+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
мектеп
билим берүү
алмазбек бейшеналиев
https://sputnik.kg/img/07e5/02/04/1051339395_541:139:2735:1373_1920x0_80_0_0_2776e42dd579018fed32481fe4bdaa67.jpg
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев президенттик инновациялык мектеп негизделип жатканын билдирди. Бул тууралуу өкмөт мүчөсү 2021-2023-жылдарга карата министрликтин программасы менен тааныштырып жатып сөз кылды.Анын айтымында, мектептин курулушу май айында башталат.Маалыматка караганда, аталган мектепте 400 бала жатып окуйт. Мындан тышкары, чейрек сайын 300дөй бала аймактардан келип, билим алып кайра кетип турат."Кыргызстандын ар кайсы жеринен жакшы окуган балдарды чогултуп, алар бир чейрек инновациялык мектепте окуп турушат. Бул нерсенин негизги максаты — үлгүлүү билим берүүнү ошол балдар аркылуу өлкөнүн булуң-бурчуна жеткирүү", — деди Бейшеналиев.Бирок министр мектеп качан ачыларын жана билим берүү кандай негизде жүргүзүлөрүн кенен айткан жок.
https://sputnik.kg/20210412/kyrgyzstanda-ehlektronduk-mektep-achylat-1052104007.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/04/1051339395_261:0:2992:2048_1920x0_80_0_0_472a17768e929459d77be77e18c637b5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, мектеп, билим берүү, алмазбек бейшеналиев
жаңылыктар, коом, кыргызстан, мектеп, билим берүү, алмазбек бейшеналиев
Министр: КРде алгачкы жолу президенттик инновациялык мектеп ачылат
16:15 12.04.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Маалыматка караганда, инновациялык мектепте 400 бала жатып окуйт. Мындан тышкары, чейрек сайын 300дөй бала аймактардан келип, билим алып кайра кетип турат.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри
Алмазбек Бейшеналиев президенттик инновациялык мектеп негизделип жатканын билдирди. Бул тууралуу өкмөт мүчөсү 2021-2023-жылдарга карата министрликтин программасы менен тааныштырып жатып сөз кылды.
Анын айтымында, мектептин курулушу май айында башталат.
"Воронцовка айылында биздин ведомствого тиешелүү 13,5 гектар жер бар. Ал жакка президенттик инновациялык мектеп негиздегени жатабыз. Демөөрчү табылды. Мектептин пайдубалы май айынан тарта тургузулат", — деди министр.
Маалыматка караганда, аталган мектепте 400 бала жатып окуйт. Мындан тышкары, чейрек сайын 300дөй бала аймактардан келип, билим алып кайра кетип турат.
"Кыргызстандын ар кайсы жеринен жакшы окуган балдарды чогултуп, алар бир чейрек инновациялык мектепте окуп турушат. Бул нерсенин негизги максаты — үлгүлүү билим берүүнү ошол балдар аркылуу өлкөнүн булуң-бурчуна жеткирүү", — деди Бейшеналиев.
Бирок министр мектеп качан ачыларын жана билим берүү кандай негизде жүргүзүлөрүн кенен айткан жок.