https://sputnik.kg/20210416/uu-korgoshun-menen-oz-aldyncha-darylanuu-1052154729.html
Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу
Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш... 16.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-16T14:10+0600
2021-04-16T14:10+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
алымкадыр бейшеналиев
уу
коргошун
эл
ысык-көл тамыры
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
уу коргошун чуусу
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0d/1051093318_0:0:2480:1402_1920x0_80_0_0_9a4519b1f8718daac199b8b04af195dd.jpg
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөп Кыргызстанда бир гана жерде өсөрүн айтты.Эске салсак, ал коронавируска дары деп сунушталып жаткан "Ысык-Көл тамыры" чөбүнүн кайнатмасы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. ЖМК өкүлдөрү министрге "эл арасында бул кайнатма менен өз алдынча дарыланып, жабыркагандар болсо ким жооп керет?" деген суроо беришти.Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ДССУда уу коргошун коронавирустан дарылайт деген маалымат жок экенин белгилешти.
https://sputnik.kg/20210416/bermet-baryktabasova-uu-korgonush-zhonundo-1052153651.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0d/1051093318_0:0:2480:1558_1920x0_80_0_0_cb1f104497ac250d8bed777f31663273.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, алымкадыр бейшеналиев, уу, коргошун, эл, ысык-көл тамыры, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , уу коргошун чуусу, аконит
жаңылыктар, коом, кыргызстан, алымкадыр бейшеналиев, уу, коргошун, эл, ысык-көл тамыры, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , уу коргошун чуусу, аконит
Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу
14:10 16.04.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри
Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөп Кыргызстанда бир гана жерде өсөрүн айтты.
Эске салсак, ал коронавируска дары деп сунушталып жаткан "Ысык-Көл тамыры" чөбүнүн кайнатмасы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. ЖМК өкүлдөрү министрге "эл арасында бул кайнатма менен өз алдынча дарыланып, жабыркагандар болсо ким жооп керет?" деген суроо беришти.
"Башкалар эч жерден таппайт. Анткени ал бир гана жерде өсөт, ал жерди биз курчап алып казып жатабыз", — деди министр.
Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ДССУда уу коргошун коронавирустан дарылайт деген
маалымат жок экенин белгилешти.