https://sputnik.kg/20210420/birdiktuu-esep-kommunaldyk-kyzmat-meriya-shaar-charba-1052192332.html
Эшенбаев: бирдиктүү квитанция механизми чыгымды азайтат
Эшенбаев: бирдиктүү квитанция механизми чыгымды азайтат
Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын Шаардык чарба департаментинин башчысы Нурлан Эшенбаев бирдиктүү квитанция долбоору азыр кайсы баскычта экендигин айтып берди. 20.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-20T10:16+0600
2021-04-20T10:16+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
нурлан эшенбаев
мэрия
эсеп
жылуулук
долбоор
жарык берүү
таштанды
https://sputnik.kg/img/07e5/04/14/1052192253_0:65:3068:1799_1920x0_80_0_0_ec527d34569cd764a1f3966ab51d97f9.jpg
Эшенбаев: бирдиктүү квитанция механизми чыгымды азайтат
Sputnik Кыргызстан
Эшенбаев: бирдиктүү квитанция механизми чыгымды азайтат
Апрель айында Бишкектин тургундарына коммуналдык төлөмдөрдү төлөө үчүн бирдиктүү квитанция берилет. Аталган эсеп-дүмүрчөктөр убакытты үнөмдөп, үй-бүлөнүн чыгашасын пландоого жардам берет. Бул тууралуу Нурлан Эшенбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, бирдиктүү квитанция механизми чыгымдарды азайтуу максатында киргизилүүдө.Ал долбоор толук кандуу иштеши үчүн дагы бир нече этаптан өтөрүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/14/1052192253_0:0:3068:1928_1920x0_80_0_0_ff79471b94539a17daf18e4c3e41827f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, нурлан эшенбаев, мэрия, эсеп, жылуулук, долбоор, жарык берүү, таштанды
коом, кыргызстан, нурлан эшенбаев, мэрия, эсеп, жылуулук, долбоор, жарык берүү, таштанды
Эшенбаев: бирдиктүү квитанция механизми чыгымды азайтат
10:16 20.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бишкек мэриясынын Шаардык чарба департаментинин башчысы Нурлан Эшенбаев бирдиктүү квитанция долбоору азыр кайсы баскычта экендигин айтып берди.
Апрель айында Бишкектин тургундарына коммуналдык төлөмдөрдү төлөө үчүн бирдиктүү квитанция берилет. Аталган эсеп-дүмүрчөктөр убакытты үнөмдөп, үй-бүлөнүн чыгашасын пландоого жардам берет. Бул тууралуу Нурлан Эшенбаев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бирдиктүү квитанция механизми чыгымдарды азайтуу максатында киргизилүүдө.
"2016-2017-жылдары коммуналдык кызматтардын жети түрү камтылган бирдиктүү квитанция берүү үчүн "Кыргыз почтасы" менен айрым кичи райондордо жумуштар башталган болчу. Бирок кандайдыр бир себептерден улам ишке ашпай калган. Бүгүнкү мезгилдин талабына жараша долбоор кайрадан жанданды. Азырынча квитанцияга газ, лифт (Бишкекгорлифт), ысык суу жана жылытуу (Бишкектеплосеть), муздак суу жана саркынды суулар (Бишкекводоканал), таштандыларды чыгаруу (Комтранском) кызматтары кирет. Бирдиктүү квитанцияга "Түндүк электр", "Тазалык" (таштанды чыгаруу) жана "Бишкек жылуулук энерго" кызматтары үчүн эсептер киргизилген эмес. Анткени аталган ишканалар учурда карызын өндүрүп жатат. Алар да жалпы механизмге киргизилет. Учурда бул бир айга эсептелген пилоттук долбоор. Азыр жеке компания шаардыктарга бирдиктүү дүмүрчөктөрдү жеткирип берүүдө. Убакыттын өтүшү менен келишим түзүү пландалып жатат. Ал эми алдыда квитанцияларды электрондук түрдө таркатуу планы бар", — деди Эшенбаев.
Ал долбоор толук кандуу иштеши үчүн дагы бир нече этаптан өтөрүн кошумчалады.