Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ай сайын Бишкектеги батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.
Бул материалды даярдоо үчүн 499 жарыя каралды. Апрелде өткөн айдагыдай эле эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерге баам салдык.
Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин ижарасы дагы арзандады. 105-сериядагы жана жеке типтеги эки бөлмөлүү батирлер 1 900 сомго арзаныраак болду.
Баарынан да үч бөлмөлүү "элиткалардын" ижара акысы төмөндөдү. Апрель айында мындай батирлер 6 200 сомго чейин арзандаган.
Окурмандарга ыңгайлуу болсун деп 104, 105, 106-сериядагы, "элиткалардын", жеке жана мейманкана тибиндеги батирлердин орточо ижара акысын көрсөтүп бердик.
Ачык маалымат булактарына караганда, апрелде Бишкекте бир бөлмөлүү эмереги бар батирлердин ижара акысы төмөнкүчө болду:
- 104-серия — 14 100 сом (10 000ден 18 000 чейин);
- 105-серия — 13 350 (8 500 — 17 000);
- 106-серия — 15 000 (12 000 — 20 000);
- жеке типтеги батирлер — 14 700 (10 000 — 25 400);
- "элиткалар" — 23 900 (15 000 — 42 400);
- мейманкана тибиндеги батирлер — 7200 (6000 — 8500).
Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлер:
- 104-серия — 19 700 сом (15 000ден 33 900гө чейин);
- 105-серия — 18 500 (14 000 — 25 000);
- 106-серия — 20 200 (16 000 — 29 700);
- жеке типтеги батирлер — 22 800 (13 000 — 32 200);
- "элиткалар" — 38 600 (17 000 — 84 800).
эмереги бар үч бөлмөлүү батирлер:
- 104-серия — 21 400 сом (15 000 — 26 000);
- 105-серия — 26 200 (18 000 — 42 400);
- 106-серия — 30 300 (15 000 — 35 000);
- жеке типтеги батирлер — 30 800 (19 000 — 59 300);
- "элиткалар" — 53 200 (29 700 — 93 300).