https://sputnik.kg/20210428/eaehbde-zhalpy-gaz-rynogu-kelishim-1052283014.html
ЕАЭБде жалпы газ рыногун түзүү боюнча келишим долбоору даярдалды
ЕАЭБде жалпы газ рыногун түзүү боюнча келишим долбоору даярдалды
Sputnik Кыргызстан
Михаил Мясниковичтин айтымында, документ биримдикке мүчө өлкөлөргө жөнөтүлдү, бирок макулдашууга кол 2022-жылы коюлары күтүлүп жатат. 28.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-28T08:32+0600
2021-04-28T08:32+0600
2021-12-16T22:30+0600
еаэбдеги кыргызстан
жаңылыктар
дүйнөдө
экономика
евразиялык экономикалык биримдик
газ
рынок
документ
еэк
россия
https://sputnik.kg/img/07e5/02/13/1051519525_0:89:3073:1817_1920x0_80_0_0_f5cf9186342dbac348a12a7372ef1334.jpg
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россия Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимди даярдап, документти Евразия экономикалык комиссиясына жөнөттү. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичке шилтеме берип комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.Мясниковичтин айтымында, документ биримдикке мүчө өлкөлөргө жөнөтүлдү, бирок макулдашууга кол 2022-жылы коюлары күтүлүп жатат.Эске салсак, 2016-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жалпы газ рыногун түзүү концепциясын бекиткен. Документке ылайык, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия 2025-жылы жалпы газ рыногун түзүүгө тийиш.Жалпы газ рыногу сырьёнун бул түрүн сатуу эрежелерин бир беткей кылууну, жалпы рынокто баа жана тарифтик саясатты түзүүгө бирдиктүү жолдорду ишке ашыруу жана газ тармагын жөнгө салуучу мамлекеттердин мыйзамдарын, ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында жайгашкан газ жеткирүү тутумдарына жетүүнүн бирдиктүү эрежелерин шайкеш келтирүүнү талап кылат.
https://sputnik.kg/20210424/eaehb-tovar-poshlina-1052244414.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/13/1051519525_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_1cc2283b9e312feddf403d5fb19e80af.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэбдеги кыргызстан, жаңылыктар, дүйнөдө, экономика, евразиялык экономикалык биримдик, газ, рынок, документ, еэк, россия
еаэбдеги кыргызстан, жаңылыктар, дүйнөдө, экономика, евразиялык экономикалык биримдик, газ, рынок, документ, еэк, россия
ЕАЭБде жалпы газ рыногун түзүү боюнча келишим долбоору даярдалды
08:32 28.04.2021 (Жаңыртылды: 22:30 16.12.2021) Михаил Мясниковичтин айтымында, документ биримдикке мүчө өлкөлөргө жөнөтүлдү, бирок макулдашууга кол 2022-жылы коюлары күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россия Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимди даярдап, документти Евразия экономикалык комиссиясына жөнөттү. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичке шилтеме берип комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
Мясниковичтин айтымында, документ биримдикке мүчө өлкөлөргө жөнөтүлдү, бирок макулдашууга кол 2022-жылы коюлары күтүлүп жатат.
Эске салсак, 2016-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жалпы газ рыногун түзүү концепциясын бекиткен. Документке ылайык, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия 2025-жылы жалпы газ рыногун түзүүгө тийиш.
Жалпы газ рыногу сырьёнун бул түрүн сатуу эрежелерин бир беткей кылууну, жалпы рынокто баа жана тарифтик саясатты түзүүгө бирдиктүү жолдорду ишке ашыруу жана газ тармагын жөнгө салуучу мамлекеттердин мыйзамдарын, ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында жайгашкан газ жеткирүү тутумдарына жетүүнүн бирдиктүү эрежелерин шайкеш келтирүүнү талап кылат.