00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:07
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чыр чыккан айылдагы эл көчүрүлүүдө, Баткен — Исфана жолу жабылды

© Sputnik / Эмиль Садыров Баткен — Исфана жолу. Архив
 Баткен — Исфана жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Кырдаалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн. Учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан аймакта жашаган тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиевдин буйругу менен кырдаалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн. Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык турат.
Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Баткендеги жаңжал

28-апрель күнү күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Чек ара чыры. Баткендеги соңку кырдаал боюнча онлайн-репортаж
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуя учурунда төрт кыргызстандык жана беш тажикстандыктын жаракат алганы айтылат. Алардын ичинен бир кыргызстандыкка ок тийип, оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап дагы бир жараны ок жегенин айтып, бирок Кыргызстандын чек арачылары курал колдонбогонун билдирди.
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0