https://sputnik.kg/20210430/batkende-orttongon-imarattar-1052325319.html
Мектеп, ресторан, застава. ӨКМ Баткенде канча имарат өрттөнгөнүн айтты
Мектеп, ресторан, застава. ӨКМ Баткенде канча имарат өрттөнгөнүн айтты
Sputnik Кыргызстан
Күйүп кеткен имараттардын ичинде мектеп, ресторан, дүкөн, май куюучу жай жана жергиликтүү тургундардын үйлөрү бар. 30.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-30T11:59+0600
2021-04-30T11:59+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
азия
дүйнөдө
баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
өкм
баткен
чек ара
турак үй
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/14/1050500962_10:-1:1920:1080_1920x0_80_0_0_a6db417d7c84c633e0994f75da6ca8d0.jpg
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам канча имарат өрттөнгөнү тууралуу билдирүү таратты.Баткен облусунун Лейлек району боюнча өрттөнгөн турак үй, имараттар:Баткен району боюнча өрттөнгөн жайлар:Ак-Сай айылында ӨКМге караштуу өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.Элди эвакуация кылууга ӨКМден 10дон ашык техника, 150дөн көп кызматкер тартылган. Мындан сырткары, райондук жарандык коргонуунун медицина кызматынан 13 тез жардам автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтер айдоочусу менен жөнөтүлгөн.Баткендеги чек ара чырыБаткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет. Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бүгүн эртең менен Ички иштер министрлиги чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция да жүргүзүп жатат.
https://sputnik.kg/20210430/tazhik-zharandary-kyrgyz-ajyl-bashchysyn-barymtaga-aldy-1052324162.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/14/1050500962_202:-1:1920:1080_1920x0_80_0_0_58467731168632777b6bb5a2cb2485ea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, азия, дүйнөдө, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы, өкм, баткен, чек ара, турак үй
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, азия, дүйнөдө, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы, өкм, баткен, чек ара, турак үй
Мектеп, ресторан, застава. ӨКМ Баткенде канча имарат өрттөнгөнүн айтты
11:59 30.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Күйүп кеткен имараттардын ичинде мектеп, ресторан, дүкөн, май куюучу жай жана жергиликтүү тургундардын үйлөрү бар.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам канча имарат өрттөнгөнү тууралуу билдирүү таратты.
Баткен облусунун Лейлек району боюнча өрттөнгөн турак үй, имараттар:
- Кулунду айылында — эки турак үй;
- Максат айылында — 10 турак үй. Жалпы 12 үй, социалдык объектилерден бир мектеп өрттөнгөн.
Баткен району боюнча өрттөнгөн жайлар:
- 9 турак үй;
- 10 май куюучу жай;
- 2 ресторан;
- 8 дүкөн;
- 1 казино;
- 1 чек ара заставасы.
Ак-Сай айылында ӨКМге караштуу өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.
Элди эвакуация кылууга ӨКМден 10дон ашык техника, 150дөн көп кызматкер тартылган. Мындан сырткары, райондук жарандык коргонуунун медицина кызматынан 13 тез жардам автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтер айдоочусу менен жөнөтүлгөн.
"Баткен облусунун Баткен районунан 900 адам Баткен шаарына, ал эми Лейлек районунан 300 адам коопсуз жайга, анын ичинен 200ү туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган", — деп жазылат билдирүүдө.
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет. Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бүгүн эртең менен Ички иштер министрлиги чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.
Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин
Telegram каналыбыздан окуңуздар.
Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги
тексттик трансляция да жүргүзүп жатат.