https://sputnik.kg/20210502/kyrgyzstan-turkiya-ministr-sujloshuu-1052353872.html
Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары сүйлөштү. Талкууланган маселелер
Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары сүйлөштү. Талкууланган маселелер
Sputnik Кыргызстан
Чавушоглу кырдаалды стабилдештирүү жана чыңалуунун андан ары курчушуна жол бербөө үчүн тараптардын көрүп жаткан чаралары боюнча жетишилген келишимдерди түрк... 02.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-02T00:52+0600
2021-05-02T00:52+0600
2021-12-15T22:53+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
түркия
мевлют чавушоглу
руслан казакбаев
баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
https://sputnik.kg/img/07e5/01/08/1051029689_0:96:1020:670_1920x0_80_0_0_cac8b70c7f17172cabf4fb695aca4638.jpg
БИШКЕК, 2-май. – Sputnik. 1-майда түрк тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу баарлашты. Бул тууралуу КРдин ТИМинен билдиришти.Министр Руслан Казакбаев маектешине жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, 30-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жетишилген келишимдерге жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрүнө ылайык кыргыз жана тажик тараптар согуш аракеттерин токтотуу жана чек ара аймактарынан аскерлерди жана аскердик техникаларды чыгарып кетүү жөнүндө чечимге келгенин белгиледи.Ал эми Чавушоглу жабыркагандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө түрк тараптын чечкиндүүлүгүн белгилеп, ошондой эле жабыр тарткан Кыргызстандын аймагын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык жактан калыбына келтирүүдө Түркия ар тараптуу жардамга даяр экендигин билдирди.
https://sputnik.kg/20210502/batken-isfana-zholu-achyldy-1052353483.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/08/1051029689_0:0:1020:765_1920x0_80_0_0_4a9f1ec6ea1d5384db1e72ebefbaf408.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, түркия, мевлют чавушоглу, руслан казакбаев, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, түркия, мевлют чавушоглу, руслан казакбаев, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары сүйлөштү. Талкууланган маселелер
00:52 02.05.2021 (Жаңыртылды: 22:53 15.12.2021) Чавушоглу кырдаалды стабилдештирүү жана чыңалуунун андан ары курчушуна жол бербөө үчүн тараптардын көрүп жаткан чаралары боюнча жетишилген келишимдерди түрк тарап колдой турганын билдирди.
БИШКЕК, 2-май. – Sputnik. 1-майда түрк тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу баарлашты. Бул тууралуу КРдин ТИМинен билдиришти.
Министр Руслан Казакбаев маектешине жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, 30-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жетишилген келишимдерге жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрүнө ылайык кыргыз жана тажик тараптар согуш аракеттерин токтотуу жана чек ара аймактарынан аскерлерди жана аскердик техникаларды чыгарып кетүү жөнүндө чечимге келгенин белгиледи.
"Көздөлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу, эки боордош элдин кызыкчылыгы үчүн мындан аркы жемиштүү сүйлөшүү процессин алып баруу жана тийиштүү турукташтыруучу шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүлгөндүгү жөнүндө маалымат берилди", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Чавушоглу жабыркагандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө түрк тараптын чечкиндүүлүгүн белгилеп, ошондой эле жабыр тарткан Кыргызстандын аймагын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык жактан калыбына келтирүүдө Түркия ар тараптуу жардамга даяр экендигин билдирди.