https://sputnik.kg/20210515/miliciya-yktyyachylar-tushunduruu-ishteri-1052495200.html
Жол кырсыгын болтурбайлы. Милиция ыктыярчыларга эскертүү берди
Жол кырсыгын болтурбайлы. Милиция ыктыярчыларга эскертүү берди
Sputnik Кыргызстан
Кайгуул кызматкерлери оорулууларга жардам берген ыктыярчыларды түшүнүү менен кабыл аларын, бирок автоунаа өткөн жолдун тилкесине чыкпоону суранышты. 15.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-15T09:57+0600
2021-05-15T09:57+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
милиция
ыктыярчылар
кайырчы
жол кырсык
тыгын
түшүндүрүү иштери
https://sputnik.kg/img/104613/94/1046139455_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_1942bffeb9277b8bcbbcd5ceb0e6dd18.jpg
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте ыктыярчылар менен кайырчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга алардын жол тыгынын жаратып жатканы тууралуу маалыматтар себеп болгонун Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.Ага ылайык, айдоочулар милиционерлерге кайыр сурагандар чоң көчөлөрдө тыгын жаратып, кээде кырсыкка да учуратып жатканын айтып кайрылышкан. Ошондой эле алардан айланып өтөбүз деп "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калып жатканын айтышкан.Мындан тышкары, милиционерлер ыктыярчылар менен да сүйлөшкөн.Кайгуул милиция тараткан сүрөттөн чоң желим бөтөлкөгө каражат чогулткан ыктыярчыларды көрүүгө болот.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104613/94/1046139455_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_a58e56e6c96046c818e1895cf129431e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, милиция, ыктыярчылар, кайырчы, жол кырсык, тыгын, түшүндүрүү иштери
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, милиция, ыктыярчылар, кайырчы, жол кырсык, тыгын, түшүндүрүү иштери
Жол кырсыгын болтурбайлы. Милиция ыктыярчыларга эскертүү берди
09:57 15.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кайгуул кызматкерлери оорулууларга жардам берген ыктыярчыларды түшүнүү менен кабыл аларын, бирок автоунаа өткөн жолдун тилкесине чыкпоону суранышты.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте ыктыярчылар менен кайырчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга алардын жол тыгынын жаратып жатканы тууралуу маалыматтар себеп болгонун Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Ага ылайык, айдоочулар милиционерлерге кайыр сурагандар чоң көчөлөрдө тыгын жаратып, кээде кырсыкка да учуратып жатканын айтып кайрылышкан. Ошондой эле алардан айланып өтөбүз деп "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калып жатканын айтышкан.
Мындан тышкары, милиционерлер ыктыярчылар менен да сүйлөшкөн.
"Кызматкерлер катуу оору менен алышып жаткандарга жардам берген ыктыярчыларды түшүнүү менен кабыл алат. Анткен менен жол кырсыгын, тыгындарды жана ар кандай кырдаалдарды алдын алуу үчүн автоунаа өткөн жолдун тилкесине чыкпоону суранат", — деп айтылат маалыматта.
Кайгуул милиция тараткан сүрөттөн чоң желим бөтөлкөгө каражат чогулткан ыктыярчыларды көрүүгө болот.