Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы бул иш-чарадан ирмемдерди кадрга түшүрүп келди.
Аталган марафон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналып, ушуну менен тогузунчу ирет өтүп жатат.
Бул жарышта норматив толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо ойнотулган. Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок. Бул үчүн 42 чакырымды эркектер 2 саат 16 мүнөт 30 секундда, кыз-келиндер 2 саат 29 мүнөт 30 секундда келиши керек эле. Дарья Маслова, Мария Коробицкая буга чейин жолдомого ээ болгон.
Марафондун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Муратбек Азымбакиев, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов катышты.
Спорттук иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Эл аралык марафон дирекциясы өткөрдү.
![Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road” эл аралык марафону өттү Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road” эл аралык марафону өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500045_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_6be18829394e311d1790339960919ccb.jpg)
![Жарышка катышкан жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты Жарышка катышкан жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500050_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_1841911bad78b95d988834109a8d6722.jpg)
![Бул марафон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналып, ушуну менен тогузунчу ирет өтүп жатат Бул марафон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналып, ушуну менен тогузунчу ирет өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500055_0:0:3071:2047_600x0_80_0_1_820e6fa9f6a56be54e6fe820c076d133.jpg)
![35 өлкөдөн келген 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору бутунун күчүн сынады 35 өлкөдөн келген 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору бутунун күчүн сынады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500060_0:0:3645:2048_600x0_80_0_1_32b11def57260db4d3a5dabca0b531b8.jpg)
![Бул жарышта норматив толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо ойнотулду Бул жарышта норматив толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо ойнотулду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500065_0:0:2047:3071_600x0_80_0_1_e3afc4eb8a2418eb3da9a35448ce49c2.jpg)
![Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок. Бул үчүн 42 чакырымды эркектер 2 саат 16 мүнөт 30 секундда, кыз-келиндер 2 саат 29 мүнөт 30 секундда келиши керек эле Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок. Бул үчүн 42 чакырымды эркектер 2 саат 16 мүнөт 30 секундда, кыз-келиндер 2 саат 29 мүнөт 30 секундда келиши керек эле - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500070_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_01c10ffc8b23fc407bba3965b986a11b.jpg)
![Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде чуркап бараткан жеңил атлет. Көлдүн кооздугу спортчуларга дем бергенин ушундан көрсө болот Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде чуркап бараткан жеңил атлет. Көлдүн кооздугу спортчуларга дем бергенин ушундан көрсө болот - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500075_0:0:3071:2048_600x0_80_0_1_f4a230e144aa0749b98f141712a5154b.jpg)
![Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500080_0:0:2048:3072_600x0_80_0_1_26c9e38f792511ec62cc8ecd8c182148.jpg)
![Кыргызстандын көзгө басар жөө күлүгү Илья Тяпкин 42 чакырымды 2 саат 27 мүнөт 48 секундда басып өтүп биринчи орунду багындырды Кыргызстандын көзгө басар жөө күлүгү Илья Тяпкин 42 чакырымды 2 саат 27 мүнөт 48 секундда басып өтүп биринчи орунду багындырды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500085_0:0:3073:2047_600x0_80_0_1_64eae176e855220f9a8e4f4ab43b5911.jpg)
![Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500090_0:0:3645:2048_600x0_80_0_1_2acb37ffa3193b4a14b85909510359af.jpg)
![Жарышка катышкан ар бир катышууга марага келгенде медаль тагып жатышты Жарышка катышкан ар бир катышууга марага келгенде медаль тагып жатышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500095_0:0:2048:3072_600x0_80_0_1_68ee61f48db7e3b8d9680920ae95d4f2.jpg)
![21 чакырым аралыкка чуркап келген жигит кенен эс алууда 21 чакырым аралыкка чуркап келген жигит кенен эс алууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500100_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_84be20a502e00fe51ae8844199e0cfdb.jpg)
![Мында профессионал жеңил атлеттер эле эмес, Кыргызстандын ар аймагынан барган спорт сүйүүчүлөрү да катышты Мында профессионал жеңил атлеттер эле эмес, Кыргызстандын ар аймагынан барган спорт сүйүүчүлөрү да катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500105_0:0:2048:3072_600x0_80_0_1_a478cf8a36c4a61db5189f92b9431552.jpg)
![Өз жашоосунда дагы бир жеңишти камсыздап, кубанып турган жөө күлүк Өз жашоосунда дагы бир жеңишти камсыздап, кубанып турган жөө күлүк - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500110_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_d8fcae5751e9866f87833d504a01adf1.jpg)
![Сергек жашоого ыктаган аялдын 10 чакырымды артта калтыргандагы эмоциясы Сергек жашоого ыктаган аялдын 10 чакырымды артта калтыргандагы эмоциясы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500115_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_6befce61042f7205ebea6729910c6e3b.jpg)
![Ал эми бул позитив тартуулаган айым 21 чакырымга чуркап келди Ал эми бул позитив тартуулаган айым 21 чакырымга чуркап келди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500120_0:0:2048:3072_600x0_80_0_1_59cb8554a2c5f03f54c656475804f5bd.jpg)
![Мындай чоң иш-чарада медиктер сөзсүз түрдө нөөмөткө туруп, өзүн начар сезгендерге жеринде жардам берет Мындай чоң иш-чарада медиктер сөзсүз түрдө нөөмөткө туруп, өзүн начар сезгендерге жеринде жардам берет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500125_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_d4b11db9a80037abf6fef485e786a8a8.jpg)
![Жашы өтүп калганына карабай аталар да чуркады. Албетте, мындай куракта 3 чакырымга чуркоо да чоң эрдик. Жашы өтүп калганына карабай аталар да чуркады. Албетте, мындай куракта 3 чакырымга чуркоо да чоң эрдик. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052500130_0:0:2048:3072_600x0_80_0_1_7e57100aebeb18008dec364d4376f484.jpg)
![Кыз-келиндер арасында кыргызстандыктар алдыңкы орундарды берген жок. Мария Коробицская биринчи, Дарья Маслова экинчи, Гүлшаной Сатарова үчүнчү орунду утуп алды. Коробицкая менен Маслова буга чейин Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Кыз-келиндер арасында кыргызстандыктар алдыңкы орундарды берген жок. Мария Коробицская биринчи, Дарья Маслова экинчи, Гүлшаной Сатарова үчүнчү орунду утуп алды. Коробицкая менен Маслова буга чейин Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/0f/1052499286_0:0:1620:1080_600x0_80_0_1_eeb93f9cf16266377bd9e6c7fd9ef1c1.jpg)