00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Иса Өмүркуловдун уулу велосипедченди коюп кеттиби? Депутаттын жообу

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Иса Өмүркулов. Архив
Депутат Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКлар депутаттын уулу Токтоналиев менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинен велосипедченди сүзүүгө шектелип жатканын жазып чыгышкан.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов Sputnik Кыргызстан агенттигине уулу Азамат Өмүркуловдун катыштыгы бар деген жол кырсык тууралуу айтып берди.
Буга чейин айрым ЖМКлар депутаттын уулу Токтоналиев менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинен велосипедченди сүзүп кетүүгө шектелип жатканын жазышкан. Ошондой эле айдоочунун канынан баңгизат табылганын да маалымдашкан.
Кайгуул милициясы азырынча бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Иса Өмүркуловдун айтымында, окуя анча коркунучтуу болгон эмес.
"Баары жакшы. Эч кимди тепселеп, сүзүп кеткен жок. Мага жеткен маалыматтар боюнча, уулум жол чырактын жашыл белгиси өчөрдө солго бурулган. Бул учурда велосипед тепкен киши жөө адамдар баскан чийинден өтүп кетүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында уулумдун унаасы велосипеддин канатына тийген", — деди Өмүркулов.
Эл өкүлүнүн айтымында, жабыркаган адамга жардам берилип, ооруканага жаткырылган. Ал эми уулу Азамат Өмүркулов кармалбаганын айтып, анын канында баңгизат болгон деген маалыматты төгүндөдү.
"Уулум баңги эмес. Эч ким ал жерден качып кеткен жок. Дагы бир жолу жол кырсык кичинекей эле болгонун кайталап коёюн", — деди депутат.
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Токмокто эки кишини сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Эске салсак, депутаттын уулу буга чейин да жол кырсыгына себепчи болгон. Анда 2011-жылдын август айында Бишкектин чыга беришиндеги айланма жолдо (Дунларов көпүрөсү) кырсык болуп, үч киши көз жумган. Трагедияга ошол учурда шаар мэри болуп турган Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Өмүркулов күнөөлүү деп табылган. ЖМКлардын жазганы боюнча, ал катуу ылдамдык менен баратып каршы тилкеге чыгып кеткен. Ошол эле жылы ноябрь айында жабырлануучу тарап арызынан баш тартканы үчүн иш токтогон. Бирок Азамат Өмүркулов жазасын алышы керектигин айтып, арыз жазган. Сот отуруму бир нече жолу жылдырылган. Ошентип сот Азамат Өмүркуловду шарттуу түрдө жети жылга эркинен ажыраткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0