00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кумтөр чыры. Келишим түзүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча тергөө башталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратуранын имараты. Архив
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Башкы көзөмөл органынын билдиришинче, жогорку кызматтагы адамдар чет элдик компаниялардын өкүлдөрү менен материалдык кызыкчылыктарды көздөгөн байланыштарды түзгөн.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. "Кумтөр" компаниясы менен келишимдерди түзүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөө башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Мекеме мамлекеттик комиссиянын материалдарын изилдеп, коррупциялык аракеттерди аныктады.
"1992-2019-жылга чейин мамлекеттик органдардын жогорку даражалуу жана башка кызмат адамдары "Кыргыз алтын" ААКнын жетекчилиги менен биргеликте "Камеко", Centerra Gold Inc. канадалык компанияларынын, ошондой эле "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын жана "Кумтөр Голд Компани" ЖАКнын өкүлдөрү менен материалдык жана башка кызыкчылыктарды көздөгөн туруктуу байланыштарды түзүшкөн. Өлкө кызыкчылыгына каршы түзүлгөн келишимдерден улам жаратылыш эбегейсиз бузулган, мамлекетке миллиарддаган зыян келтирилип, өлкө коопсуздугуна коркунуч туулган", — деп айтылат маалыматта.
18-майда бул факт Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан.
Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Centerra президенти Перри: кыргыз өкмөтү менен диалогго барууга даярбыз
11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард доллар салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо-арыз берүү каралган.
17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр Голд Компани" анын туундуу ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызына Кыргызстан ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0