https://sputnik.kg/20210530/asker-darygerlerinin-sany-abdan-az-1052661030.html
Усупканов: аскер дарыгерлеринин саны абдан аз болуп жатат
Усупканов: аскер дарыгерлеринин саны абдан аз болуп жатат
Sputnik Кыргызстан
Медицина кызматынын запастагы полковниги Шайлообек Усупканов мамлекет тарабынан аскер медицинасына көңүл бурулуп, анын маанилүүлүгүнө баа берилиши керектигин... 30.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-30T14:52+0600
2021-05-30T14:52+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
аскер
медицина
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1e/1052661630_0:0:3068:1735_1920x0_80_0_0_afaa9ecab29af9fab376b6ca4fb0fa15.jpg
Усупканов: аскер дарыгерлеринин саны абдан аз болуп жатат
Sputnik Кыргызстан
Усупканов: аскер дарыгерлеринин саны абдан аз болуп жатат
Чет өлкөдөн аскердик-медициналык окуу жайлардан окуп келген жоокерлердин билими пайдаланылбай, шарт түзүлбөй жатат. Мындай пикирин Шайлообек Усупканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, тоолуу шартта кызмат өтөгөн жоокерлердин ден соолугун караган аскер дарыгерлерин талапка жооп берген медициналык шаймандар менен камсыз кылуу абзел.Ошондой эле ал жаш адистерди колдоп, айлыгын көтөрүп берсе жылыш болорун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1e/1052661630_0:0:3068:1929_1920x0_80_0_0_3540e36348a92cd10f3786a7533144a2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, аскер, медицина
коом, кыргызстан, аскер, медицина
Усупканов: аскер дарыгерлеринин саны абдан аз болуп жатат
14:52 30.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Медицина кызматынын запастагы полковниги Шайлообек Усупканов мамлекет тарабынан аскер медицинасына көңүл бурулуп, анын маанилүүлүгүнө баа берилиши керектигин айтты.
Чет өлкөдөн аскердик-медициналык окуу жайлардан окуп келген жоокерлердин билими пайдаланылбай, шарт түзүлбөй жатат. Мындай пикирин Шайлообек Усупканов
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тоолуу шартта кызмат өтөгөн жоокерлердин ден соолугун караган аскер дарыгерлерин талапка жооп берген медициналык шаймандар менен камсыз кылуу абзел.
"Аскер медицинасы өзгөчө орунда турган тармак. Кадр маселеси боюнча бул жаатта чоң көйгөйлөр бар. Кыргызстан эгемендүүлүктү алып, армиясы түптөлгөндөн бери Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Киров атындагы аскердик-медициналык академиясында жогорку билим алуу үчүн жыл сайын квота берилет. Бирок окуп келген бүтүрүүчү биздин өлкөдө шарттын жоктугуна байланыштуу адистиги боюнча ишти аркалабайт. Алардын көбү жарандык медицинага кетип жеке клиникаларда иштешет. Андыктан мамлекет аскер медицинасына абдан чоң көңүл бурушу керек. Тоолуу шартта кызмат өтөгөн жоокерлердин ден соолугун караган аскер дарыгерлерин талапка жооп берген медициналык шаймандар менен камсыз кылуу абзел", — деди Усупканов.
Ошондой эле ал жаш адистерди колдоп, айлыгын көтөрүп берсе жылыш болорун кошумчалады.