https://sputnik.kg/20210601/2020-rasmij-nikesiz-torolgon-baldar-1052675194.html
Былтыр өлкөдө расмий никеде турбаган энелерден 30 миңден ашык бала төрөлдү
Былтыр өлкөдө расмий никеде турбаган энелерден 30 миңден ашык бала төрөлдү
Sputnik Кыргызстан
Улуттук статистика комитети бул балдардын баары атасыз деп айтууга болбой турганын маалымдады. Анткени акыркы жылдары өлкөдө мусулмандардын диний... 01.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-01T09:07+0600
2021-06-01T09:07+0600
2021-12-15T22:54+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бала
ата-эне
нике
жетим
камкордук
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1e/1050953300_0:262:3073:1990_1920x0_80_0_0_1f59cbb2c90672f4b356744bac384f26.jpg
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда былтыр туулган балдардын бештен бир бөлүгү (19 пайыз) юридикалык жактан никесин каттатпаган энелердин уул-кыздары. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.Жалпысынан айта кетсек, 2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 81 миңи эркек балдар жана 77 миңи кыздар.Өткөн жылы 18 жашка чейинки 1,9 миң бала ата-энесинин камкордугусуз калганы аныкталган. Алардын ичинен 674 бала томолой жетимдер.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1e/1050953300_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_58623a1618665b555c93878aaf7a0c5d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бала, ата-эне, нике, жетим, камкордук
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бала, ата-эне, нике, жетим, камкордук
Былтыр өлкөдө расмий никеде турбаган энелерден 30 миңден ашык бала төрөлдү
09:07 01.06.2021 (Жаңыртылды: 22:54 15.12.2021) Улуттук статистика комитети бул балдардын баары атасыз деп айтууга болбой турганын маалымдады. Анткени акыркы жылдары өлкөдө мусулмандардын диний ырым-жырымдарына ылайык никелешүү кеңири жайылууда.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда былтыр туулган балдардын бештен бир бөлүгү (19 пайыз) юридикалык жактан никесин каттатпаган энелердин уул-кыздары. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
"Бирок акыркы жылдары өлкөдө мусулмандардын диний ырым-жырымдарына ылайык никелешүү кеңири жайылгандыктан, бул балдардын баары атасыз деп айтууга болбойт. Мисалы, балдарга берилген документтердин 50 пайызы атасынын дагы, энесинин дагы арызы менен даярдалган. Калган 50 пайызында баласын каттоого тургузууга бир гана энеси катышкан. Дал ушул балдар үй-бүлөдө атасы жок чоңоюшу мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.
Жалпысынан айта кетсек, 2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 81 миңи эркек балдар жана 77 миңи кыздар.
Өткөн жылы 18 жашка чейинки 1,9 миң бала ата-энесинин камкордугусуз калганы аныкталган. Алардын ичинен 674 бала томолой жетимдер.