00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Японияга учуп кетти

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Кечээ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Спорт агенттигинин жана Футбол союзунун жетекчилери команданы узатышты.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын калган беттештерин өткөрүү үчүн Японияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын калганы борборлоштурулган форматта Японияда өтөт. Кыргызстан ойногон F тайпасынын оюндары Осака шаарында болот.
Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери 7-июнда Монголия, 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен беттешет.
Кечээ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Спорт агенттигинин жана Футбол союзунун жетекчилери команданы узатышты.
"Биздин күйөрмандар улуттук команданын оюндарын чыдамсыздык менен күтүп калышты. Алдыда өтө жоопкерчиликтүү оюндар турат. Татыктуу оюн көрсөтүп, жеңишке жеткиле! Силер алыс жерде ойносоңор да биз силер мененбиз, силерди колдоп турабыз. Артыңарда бүтүндөй мамлекет турат", — деген КФСтин президенти Канатбек Маматов.
Министр Кайрат Иманалиев футболчулар ийгиликке жетет деген үмүтүн билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0