https://sputnik.kg/20210603/kanat-isaev-salmaktuu-sayasatchylar-kamaldy-1052710494.html
Канат Исаев: салмактуу саясатчылар камалды, аларды үй камагына чыгарыш керек
Канат Исаев: салмактуу саясатчылар камалды, аларды үй камагына чыгарыш керек
Sputnik Кыргызстан
Исаев учурдагы спикер, президент жана УКМК төрагасы да мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратылып, кийин баары акталганын мисал келтирди. 03.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-03T12:11+0600
2021-06-03T12:11+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
канатбек исаев
сот
камоо
күнөө
https://sputnik.kg/img/104838/63/1048386331_0:34:3091:1782_1920x0_80_0_0_d5e0ba94bb1d450a22c66f2bfccc5796.jpg
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Камалган экс-премьер Өмүрбек Бабанов жана депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарыш керек. Мындай пикирин ЖК депутаты Канат Исаев парламенттин жыйынында билдирди.Эл өкүлү саясатчыларга кандай күнөө коюлуп, кандай далилдер табылганы белгисиз экенин айтат.Ошондой эле ал учурдагы спикер Талант Мамытов, президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-депутат Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратылып, кийин баары акталганын мисал келтирди. Бирок бул иш үчүн бир да сот, бир да тергөөчү жоопко тартылбаганын белгиледи.Депутаттын айтымында, Кылмыш кодекси боюнча, мыйзамсыз камоо тууралуу чечим чыгаргандар алты жылга чейин эркинен ажыратылат.Белгилей кетсек, Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов эки айга камакка алынган.
https://sputnik.kg/20210602/ikramov-abaktagy-deputattarga-bolushup-chykty-1052695032.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104838/63/1048386331_0:0:3091:1942_1920x0_80_0_0_3106d4f42f9a581799c04b46169e0bc0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, канатбек исаев, сот, камоо, күнөө
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, канатбек исаев, сот, камоо, күнөө
Канат Исаев: салмактуу саясатчылар камалды, аларды үй камагына чыгарыш керек
12:11 03.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Исаев учурдагы спикер, президент жана УКМК төрагасы да мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратылып, кийин баары акталганын мисал келтирди.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Камалган экс-премьер Өмүрбек Бабанов жана депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарыш керек. Мындай пикирин ЖК депутаты Канат Исаев парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү саясатчыларга кандай күнөө коюлуп, кандай далилдер табылганы белгисиз экенин айтат.
"Козголгон кылмыш иши боюнча бизде маалымат жок, үстүртөн эле такталбаган божомолдор. Бирок камалгандардын бири Асылбек Жээнбеков ЖКнын эки чакырылышында төрага болгон. Өмүрбек Бабанов өкмөттү башкарды, 2017-жылы президенттик шайлоодо 600 миңге жакын добуш алган. Төрөбай Зулпукаров төраганын орун басары болгон. Үчөө тең салмактуу саясатчылар, кадыр-баркка ээ, кичи мекенинде чоң колдоосу бар. Булардын күнөөсү аныкталабы, андай болбосо камалышына ким жооп берет деген суроо жаралат. Андыктан алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарыш керек. Албетте, күнөөсү болсо сот аркылуу далилдесин", — деди Исаев.
Ошондой эле ал учурдагы спикер Талант Мамытов, президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-депутат Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратылып, кийин баары акталганын мисал келтирди. Бирок бул иш үчүн бир да сот, бир да тергөөчү жоопко тартылбаганын белгиледи.
Депутаттын айтымында, Кылмыш кодекси боюнча, мыйзамсыз камоо тууралуу чечим чыгаргандар алты жылга чейин эркинен ажыратылат.
Белгилей кетсек, Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов эки айга камакка алынган.