Көлдө 8 миң баланын ата-энеси миграцияда. Милиция жашоо шартын көрүүдө
12:00 09.06.2021 (Жаңыртылды: 13:28 20.12.2021)
© Фото / пресс-служба МВДЫсык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо шарты текшерилип жатканын облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады
© Фото / пресс-служба МВД
Жазылуу
Милиция такталган тизме боюнча мигранттардын балдары жашаган үйлөрдү кылдаттык менен текшерип, жайкы каникул учурунда кайсы жерде болорун тактап жатат.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо шарты текшерилип жатканын облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служа МВДЫсык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо шарты текшерилип жатканын облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады
1/2
© Фото / пресс-служа МВД
Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо шарты текшерилип жатканын облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады
© Фото / пресс-служа МВД"Укуктук тартип" аттуу иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор балдарды коргоо бөлүмү менен чогуу иш алып барууда.
2/2
© Фото / пресс-служа МВД
"Укуктук тартип" аттуу иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор балдарды коргоо бөлүмү менен чогуу иш алып барууда.
1/2
© Фото / пресс-служа МВД
Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо шарты текшерилип жатканын облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады
2/2
© Фото / пресс-служа МВД
"Укуктук тартип" аттуу иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор балдарды коргоо бөлүмү менен чогуу иш алып барууда.
"Укуктук тартип" аттуу иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор балдарды коргоо бөлүмү менен чогуу иш алып барууда.
"Мурда такталган тизмелердин негизинде мигранттардын балдары жашаган үйлөр кылдаттык менен текшерилүүдө. Алардын жашоо шартын карап, жайкы каникул учурунда кайсы жерде болору такталып жатат. Алыскы туугандарына жана тааныштарына калтырылган балдар да жок эмес. Мындай үй-бүлөлөр менен мыйзамдын негизинде камкордук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", — деп айтылат маалыматта.
Ушул жылдын беш айында облустун аймагында мигранттардын балдары жашаган 13 миӊден ашык үй текшерилген. Анда ата-энеси иш издеп кеткен 7 668 бала аныкталган. Анын ичинен 2 890у ички жана 4 778и тышкы мигранттардын балдары болуп чыккан.
Облус боюнча КМШ мамлекеттерине жана алыскы өлкөлөргө чыгып кеткен ата-энелердин саны 3 876ны түзөт.