https://sputnik.kg/20210612/batkende-eks-mer-karmaldy-1052840665.html
Жер берүүдөгү коррупция. Баткенде экс-мэр баштаган кызматкерлер кармалды
Жер берүүдөгү коррупция. Баткенде экс-мэр баштаган кызматкерлер кармалды
Sputnik Кыргызстан
11 жылдын аралыгында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси жасалма документтердин негизинде берилген. 12.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-12T14:07+0600
2021-06-12T14:07+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
баткен
мэр
укмк
кармоо
жер тилкеси
коррупция
https://sputnik.kg/img/104871/59/1048715981_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_a835f56e964ef8a46aba8d39e20a90f0.jpg
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Баткен шаарында жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо жана берүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, экс-мэр баштаган бир катар кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жасалма документтердин негизинде Баткен шаарында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси берилген.Ал эми Баткен шаарынын тургундары С.Ж. жана У. Д. ортомчу болуп, кардарларды таап бергендиги үчүн 60-100 миң сомдон алып турушканы айтылат.Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аты аталган кызматкерлер менен ортомчулар кармалып, Баткен облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.Учурда иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүрүп жатат.УКМК бүгүнкү күндө Баткенде бир жер тилкенин орточо баасы 400 миң сомдун тегерегинде экенин белгилейт.
https://sputnik.kg/20210611/bazhychy-nurbek-ajtmamatov-tintuu-video-1052833128.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104871/59/1048715981_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_cd83176c42ce9bd0922ed7dc95ae3696.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, баткен, мэр, укмк, кармоо, жер тилкеси, коррупция
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, баткен, мэр, укмк, кармоо, жер тилкеси, коррупция
Жер берүүдөгү коррупция. Баткенде экс-мэр баштаган кызматкерлер кармалды
14:07 12.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) 11 жылдын аралыгында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси жасалма документтердин негизинде берилген.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Баткен шаарында жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо жана берүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, экс-мэр баштаган бир катар кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жасалма документтердин негизинде Баткен шаарында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси берилген.
"Баткен шаарынын мурдагы мэри С.С. жасалма токтом менен бир жер тилкесин 40 миңден 70 миң сомго чейин берип турган. Ошол эле учурда Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.К. ушул жасалма токтомдордун негизинде 100 сомдон 200 миң сомго чейинки акчага архитектуралык документтерди даярдаган. Өз кезегинде тиешелүү документтердин аткарылышы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Н.Б. тарабынан жүргүзүлүп, ар бир иши үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин алып турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Баткен шаарынын тургундары С.Ж. жана У. Д. ортомчу болуп, кардарларды таап бергендиги үчүн 60-100 миң сомдон алып турушканы айтылат.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аты аталган кызматкерлер менен ортомчулар кармалып, Баткен облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүрүп жатат.
УКМК бүгүнкү күндө Баткенде бир жер тилкенин орточо баасы 400 миң сомдун тегерегинде экенин белгилейт.