https://sputnik.kg/20210614/katardan-darygerler-kelip-29-balaga-operaciya-1052861261.html
Катардан дарыгерлер келип, кулагы начар уккан 29 балага операция жасайт
Катардан дарыгерлер келип, кулагы начар уккан 29 балага операция жасайт
Sputnik Кыргызстан
Катардык медиктер кыргызстандык кесиптештери менен бирге операция жасайт. Кеткен чыгымды толугу менен Катар мамлекети көтөрөт. 14.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-14T18:54+0600
2021-06-14T18:54+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
катар
алымкадыр бейшеналиев
дарыгер
операция
бала
https://sputnik.kg/img/104580/17/1045801746_0:181:1920:1261_1920x0_80_0_0_5fe53bae726e4f3895fd78501a1b232f.jpg
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 23-июнь күнү Бишкекке Катар мамлекетинен жогорку квалификациялуу дарыгерлер келип, угуусу начар 29 балага акысыз операция жасап, өздөрү ала келген атайын импланттарды коюп беришет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту.Зарыл болгон учурда Катар тарап дагы 50 имплант берүү маселесин карайт. Министр Бейшеналиев бул жардамы үчүн Катар өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
катар
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104580/17/1045801746_150:0:1855:1279_1920x0_80_0_0_a084189f3b37bc82b496cda6c79173ee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, катар, алымкадыр бейшеналиев, дарыгер, операция, бала
жаңылыктар, коом, кыргызстан, катар, алымкадыр бейшеналиев, дарыгер, операция, бала
Катардан дарыгерлер келип, кулагы начар уккан 29 балага операция жасайт
18:54 14.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Катардык медиктер кыргызстандык кесиптештери менен бирге операция жасайт. Кеткен чыгымды толугу менен Катар мамлекети көтөрөт.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 23-июнь күнү Бишкекке Катар мамлекетинен жогорку квалификациялуу дарыгерлер келип, угуусу начар 29 балага акысыз операция жасап, өздөрү ала келген атайын импланттарды коюп беришет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту.
"Катардык медиктер кыргызстандык кесиптештери менен бирге операция жасайт. Элчинин айтымында, кеткен чыгымды толугу менен Катар мамлекети көтөрөт. Чет элдик дарыгерлер өздөрү менен чогуу угууну жакшырта турган 150 кохлеардык импланттарды ала келишет. Жыл аягына чейин 50 операция жасалып, калган аппараттар 2022-2023-жылдары пайдаланылат", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Зарыл болгон учурда Катар тарап дагы 50 имплант берүү маселесин карайт. Министр Бейшеналиев бул жардамы үчүн Катар өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.