00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алимбекова: пайдалуу азыкты ашыкча жеп алуунун да кесепети болот

© Sputnik / Асель СыдыковаСанитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө жана инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн дарыгери Аида Алимбекова
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө жана инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн дарыгери Аида Алимбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө жана инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн дарыгери Аида Алимбекова туура эмес тамактануудан улам келип чыккан дарттар көбөйгөнүн айтты.
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өлкөбүздө жети жашка чейин 1 миллион 118 миң бала бар. Бул тууралуу Аида Алимбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Алимбекова: пайдалуу азыкты ашыкча жеп алуунун да кесепети болот
Анын айтымында, кайсы азык-түлүк болбосун балансты сактап жеш керек, себеби пайдалуу делген азыкты ашыкча жеп алуунун да кесепети болот.
"Бала түйүлдүк кезинде эне кандай тамактанса анын табити кийин ошого жараша болот. Тамак-аш гигиенасы үй-бүлөдөн башталат. Балдарды режим менен өз учурунда тамактандырууга көндүрүү зарыл. Негизи үйдөгү чоң кишилер кандай тамактанса бала да ошол нерсеге көнөт. Мисалы, көп адамдар кечинде майлуу, күчтүү тамактарды жеп жатат да, эртең мененки тамакка табити тартпай калат. Баланын тамагына өтө чоң талаптар бар. Рационалдуу тамактандырууга аракет кылган оң. Чоң кишилер канча жесе ошол энергияны кайра кыймыл-аракетине коротот. Ал эми балдар, андан тышкары, жеген азыгынын 15-20 пайызын өсүүгө сарптайт. Азыр балдар арасында тамакты ылгоо же табитинин жоктугу чоң көйгөй. Биринчиден, табит жакшы болуш үчүн тамактануу жана уктоо режими туура сакталышы керек. Ата-эне башынан эле сабиз, таттуу калемпир сыяктуу жашылчаларды берип көндүрбөсө кийин жогорудагыдай маселе жаралат. Ал муну жебейт деп эле күнүгө бир өңчөй тамак даярдап берсе, бала да ага көнүп алат. Анан кыйнап тамак жедирген да туура эмес. Кичинесинен тез-тез, көп-көп же деп көп айтабыз. Бул ашыкча салмакка, жүрөк, онкологиялык дарттарга, гиподинамияга (аз кыймылдуулук) алып келет. Тескерисинче, тамакты аз-аздан, шашпай жегенде сиңимдүү, пайдалуу болорун эстен чыгарбаңыздар", – деди Алимбекова.
Адис ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти бала бакча, мектептерде кандай тамак-аш, кайсы убакта берилерин тыкыр көзөмөлдөп турарын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0