СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев 1980-жылы драматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Алтын күз" тасмасын тартууга киришип, ага оператор Кадыржан Кыдыралиев, сүрөтчү Алексей Макаров, композитор Таштан Эрматов көмөктөшкөн.
Кинофильмде телеканалда иштеген 40 жаштагы кабарчынын жеке жашоосундагы өйдө-төмөн учурлар, элдин жашоо турмушу көрсөтүлүп, адам өмүрүндө эмнеге умтулуп, бактылуу болуу үчүн кандай аракет, кадамдарга барууга даяр экендиги баяндалат. Фильмдин соңунда ал борбордогу жумушун таштап, айылда жалгыз жашаган атасынын жанына барып тиричилигин улантууга аракет жасайт. Тартуу иштери негизинен Фрунзе (азыркы Бишкек), Алматы шаарында жана элет жеринде жүрүп, беш айда соңуна чыккан.
КРдин эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова көзү тирүү кезинде ал учурду мындайча эскерген:
"Алтын күзгө" кыргызстандык, казакстандык актёрлор катышып, башкы каарман журналисттин ролун Досхан Жолжаксынов аткарган. Төлөмүш Океев анын актёрдук чеберчилигин баалачу, тасмаларына көп чакырып турар эле. Чындыгында эле бул тасмага кыргыз элинин каймактары тартылган. Алардын арасында Болот Миңжылкыев, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мамбет Мамакеев да бар. Ошол маалда режиссёр Төлөмүш Океевдин атагы алыска кетип, жылдызы жанып турган кез эле. Себеби ал инсандын тарткан эмгектеринин ар бир эпизоду сүйлөп турчу", — деген Сейдакматова.
Ал эми Океевдин жакын санаалашы, сүйүктүү актёру Сүймөнкул Чокморов кайра-кайра операция болуп жүргөндүктөн бул тасмага тартылбай калган. Фильм 1981-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Литванын борбору Вильнюста болгон бүткүл союздук фестивалда заманбап теманы мыкты ачып бергендиги үчүн атайын сыйлыкка татыган.
![Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/10/1052884857_0:0:2048:1553_600x0_80_0_1_41ab342acfef437ce6f22ec183da33a7.jpg)
![Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/61/1018166192_0:0:2000:1381_600x0_80_0_1_0d59cf112b31c641930cada4852b93f5.jpg)
![Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/10/1052884863_0:0:2048:1706_600x0_80_0_1_3e5a08886485f8813b1803e997d6c37d.jpg)
![Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/10/1052884868_0:0:2048:1425_600x0_80_0_1_b35cb8329dd33d79986c2921ab1121ff.jpg)
![Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/10/1052884873_0:0:2048:1630_600x0_80_0_1_11715491d7a1e0e042e0d0f04026d7ee.jpg)
![Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/36/1018163612_0:0:1882:2000_600x0_80_0_1_5449a1eb7688a4ae65efc0ac40b13abf.jpg)
![Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101815/99/1018159941_0:0:2000:1733_600x0_80_0_1_9bd7f0ac66754caddb64947894846394.jpg)
![Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/10/1052885230_0:0:2048:1893_600x0_80_0_1_e536fa080e56911772d381b2e4f6bb7f.jpg)
![СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/10/1052885235_0:0:2048:1764_600x0_80_0_1_3059d238a2684d039e200a3f4ad6d6cd.jpg)
![Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/10/1052885240_0:0:2048:1607_600x0_80_0_1_0cd68c6a65c918b9f7297ee98071e155.jpg)
![Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/10/1052885245_0:0:2048:1569_600x0_80_0_1_1ea3b580e5eb249b94756f2ca554bccc.jpg)