https://sputnik.kg/20210617/orto-tokoj-suu-saktagychyndagy-suu-1052908855.html
Министр: Орто-Токой суу сактагычындагы суу бир айга гана жетет
Министр: Орто-Токой суу сактагычындагы суу бир айга гана жетет
Sputnik Кыргызстан
Министр Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып, сууну эл өзү билемдикке салып колдонбошу керектигин эскертти. 17.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-17T23:33+0600
2021-06-17T23:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
орто-токой суу сактагычы
суу
айыл чарба
бөлүштүрүү
министр
https://sputnik.kg/img/07e5/04/17/1052236880_0:0:3068:1734_1920x0_80_0_0_24bb92ef68ece19a12a99c2373dd08b9.jpg
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Эгер суунун чыгымы азыркыдай көп болсо, анда 15-20-июлда Орто-Токой суу сактагычында суу калбай калат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Аткаминер эл сууну өзү билемдикке салып бөлүштүрбөшү керектигин эскертип, суу чарбасы бөлүштүргөн графиктин негизинде гана иш алып барууну белгиледи. "Эгер суу бөлүштүрүү боюнча график сакталса, суу баарына жетет. Суу ресурстары боюнча агенттикте 4 600 адам иштейт. Көбүнүн айлыгы 4600-4800 сом. Ага карабай бул адамдар каналда күнү-түнү иштеп, аракет кылып жатышат", — деди Жаныбеков. Буга чейин Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев июлда сугат суусу азыркыдан да тартыш болушу мүмкүн экенин божомолдогон.
https://sputnik.kg/20210616/chujdogu-daryyalardyn-bashynan-tartylgan-video-1052883839.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/17/1052236880_0:0:3068:1928_1920x0_80_0_0_976eb327d7726aa5d3cf9e58b5494c7b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, орто-токой суу сактагычы, суу, айыл чарба, бөлүштүрүү, министр
жаңылыктар, коом, кыргызстан, орто-токой суу сактагычы, суу, айыл чарба, бөлүштүрүү, министр
Министр: Орто-Токой суу сактагычындагы суу бир айга гана жетет
23:33 17.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Министр Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып, сууну эл өзү билемдикке салып колдонбошу керектигин эскертти.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Эгер суунун чыгымы азыркыдай көп болсо, анда 15-20-июлда Орто-Токой суу сактагычында суу калбай калат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри
Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып коюшум керек. Эгер биз аны азыркыдай иштетсек, 15-20-июлда ал жакта суу жок калат. Суу сактагыч беш дарыядан барган суу менен толот. Быйыл нормадан 50 пайызы гана келип жатат. Кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бар. Ал график боюнча кезектешип сугаруу жана скважинаны иштетүү", — деди министр.
Аткаминер эл сууну өзү билемдикке салып бөлүштүрбөшү керектигин эскертип, суу чарбасы бөлүштүргөн графиктин негизинде гана иш алып барууну белгиледи.
"Эгер суу бөлүштүрүү боюнча график сакталса, суу баарына жетет. Суу ресурстары боюнча агенттикте 4 600 адам иштейт. Көбүнүн айлыгы 4600-4800 сом. Ага карабай бул адамдар каналда күнү-түнү иштеп, аракет кылып жатышат", — деди Жаныбеков.
Буга чейин Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев июлда сугат суусу азыркыдан да тартыш болушу мүмкүн экенин божомолдогон.