00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күндүз жоокер, кечкисин актёр. 50 жашка чыккан Болот Тентимишов жөнүндө 6 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык актёр Болот Тентимишов. Архив
Кыргызстандык актёр Болот Тентимишов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Бүгүн белгилүү актёр Болот Тентимишовдун туулган күнү. Жаштыгын, өмүрүн театр менен киного байлаган талант 50 жашка толду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги 28 жылдан бери сахнада жүргөн инсандын чыгармачылыгы менен жеке жашоосундагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Элеттен Ленинградга кетип. Болот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы аскер адамы болсо, энеси айыл чарба тармагында эмгектенген. Бала кезинен эле актёрлукка жакын өспүрүмгө ата-энеси колдоо көрсөтүп турган. Ошондуктан айылдагы мектепти аяктагандан кийин Ленинграддагы Николай Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырган.
© Фото / Русский театр драмы имени Чингиза АйтматоваБолот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген.
Известный кыргызский актер Болот Тентимишов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Болот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген.
Күндүз жоокер, кечкисин актёр. Бирок орто жолдо түрдүү себептерден улам окуусун токтотуп Томск шаарына аскерге кеткен. Ал жактан да чыгармачылыктан алыстай албай күндүз жоокер болуп, кечкисин театрга барып иштеп жүргөн. Кызмат өтөп бүткөн соң Советтер Союзу тарап кетип, окуусун Бишкектен улантууга мажбур болгон.
© Фото / Русский театр драмы имени Чингиза АйтматоваКРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон.
Известный кыргызский актер Болот Тентимишов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон.
Театрга байланган жаштык, сүйүү. Эмгек жолун 1993-жылы Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында баштап, 22 жаштагы артист кесипкөй режиссёр, артисттер менен иштешип, бир топ тажрыйба топтогон. Ал жерде 1997-жылга чейин иштеген. Кийин КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон. Так ошол маданий жайдан өзүнүн болочоктогу жубайы, Щепкин атындагы жогорку театралдык учи́лищесинин бүтүрүүчүсүн жолуктуруп бактысын тапкан.
Театр жана кино актёру. Актёр 2009-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында эмгектенип келет. КРдин эмгек сиңирген артисти "Ромео жана Жульеттада" Тибальт , Меркуционун, "Отеллодо" Отеллонун, "Манас жөнүндө баянда" Алманбеттин, "Король Лирде" Герцог Албанский, шут, Кент, "Ак бешиктин тилегинде" Орозкул сыяктуу ондогон образдарды жаратып, 28 жылдан бери театрда. Бул убакыт аралыгында Дания, Украина, Башкыртстандагы фестивалдарга катышып, Түркия, Россия, Румыния, Германия, Колумбия, Иран, Казакстандагы сахналарда ойногон. Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты бир нече жылдан бери өзүн кинематографияда сынап келет. Актёр "Аталардын керээзи", "Аврора", "Ата", "Кудалар", "Кентавр", "Ээнсиреген үй", "Эки баатыр" фильмдеринде роль жаратып таанылган.
Тамада, окутуучу... Актёр буга чейин жакшылыктарды алып барып тамада болгон жайы да бар. Андан сырткары, жаштарга жол көрсөтүп устат болуп, эл арасындагы таланттарды актёрлук өнөргө таптап, кесиптештери менен "Жаш ысымдар" фестивалын уюштурган.
Үч баланын атасы. Болот Тентимишовдун келинчеги Сайрагүл Эсенбаева актриса, экөө тең көп жылдан бери театрда иштеп келет. Жубайлар учурда үч баланын ата-энеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0