https://sputnik.kg/20210622/sadyr-zhaparov-deputat-dungan-ulut-1052961479.html
Садыр Жапаров депутаттын дунгандар боюнча айтканын сындады
Садыр Жапаров депутаттын дунгандар боюнча айтканын сындады
Sputnik Кыргызстан
Депутат Бактыбек Райымкулов дунган улутундагы жарандарды сабиздин баасын жасалма көтөрүп жатканын айтып, айыптаган. 22.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-22T19:23+0600
2021-06-22T19:23+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
садыр жапаров
дунган
улут
депутат
эскертүү
сабиз
https://sputnik.kg/img/07e5/02/04/1051338857_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_b7b31756561841d7574e81ebc61543eb.jpg
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров депутаттарды өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдү жасабоого чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.Анын айтымында, президенттин атына "Кыргызстандын дунган этносунун коомчулугу ассоциациясы" коомдук бирикмесинен Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун ачык сөзүнө реакция кылуу өтүнүчү менен кайрылуу келген. Анда депутат сабиздин баасын дунган улутундагылар жасалма жол менен жогорулатып жатканын айткан.Белгилей кетсек, Кыргызстанда улуттар аралык кастыкты жараткандар Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча үч жылдан төрт жылга чейин камалып кетиши мүмкүн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/04/1051338857_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_2cf721c882a3470b7a7e2a10b82b9e96.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, садыр жапаров, дунган, улут, депутат, эскертүү, сабиз
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, садыр жапаров, дунган, улут, депутат, эскертүү, сабиз
Садыр Жапаров депутаттын дунгандар боюнча айтканын сындады
19:23 22.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Депутат Бактыбек Райымкулов дунган улутундагы жарандарды сабиздин баасын жасалма көтөрүп жатканын айтып, айыптаган.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров депутаттарды өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдү жасабоого чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, президенттин атына "Кыргызстандын дунган этносунун коомчулугу ассоциациясы" коомдук бирикмесинен Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун ачык сөзүнө реакция кылуу өтүнүчү менен кайрылуу келген. Анда депутат сабиздин баасын дунган улутундагылар жасалма жол менен жогорулатып жатканын айткан.
"Президент Садыр Жапаров бардык жарандарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкө бүтүндүгүнө жана элдин биримдигине доо кетирип, улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдү жасабоого чакырат. Элдердин улуттар аралык биримдигине байланыштуу ар кандай билдирүүлөр өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан мамлекет башчысы бардык жарандарды, анын ичинде депутаттарды сак болууга, бул темада чайкоочулук кылбоого чакырды. Бүгүнкү күндө Кыргызстан — 100дөн ашык этнос жашаган көп улуттуу өлкө, биргелешкен аракеттерибиз менен гана күчтүү жана өнүккөн мамлекетти кура алабыз", — деди Эрбол Султанбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда улуттар аралык кастыкты жараткандар Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча үч жылдан төрт жылга чейин камалып кетиши мүмкүн.