https://sputnik.kg/20210623/konditsionerdin-shamalynan-saktanuunun-eki-zholu-1052964857.html
Кондиционердин шамалынан ооруп калбоонун эки жолу. Дарыгердин кеңеши
Кондиционердин шамалынан ооруп калбоонун эки жолу. Дарыгердин кеңеши
Sputnik Кыргызстан
Биринчи эрежеде кескин алмашкан абада калбоо боюнча айтылса, ал эми экинчи эреже кондиционерди туура орнотууга тиешелүү. 23.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-23T10:08+0600
2021-06-23T10:08+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
кондиционер
шамал
кеңеш
https://sputnik.kg/img/07e5/06/17/1052964538_0:99:1728:1071_1920x0_80_0_0_121918593d265ec9fb950b73e0b94763.jpg
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Эшиктеги ысыктан кирип имараттын ичиндеги кондиционер үйлөгөн муздак абада калган адам ар кыл ооруга кабылышы мүмкүн. Андыктан сыркоолоп калбаш үчүн эки эрежени сакташ керектигин Sputnik радиосуна терапевт Татьяна Романенко айтып берген.Ири алдыда киши аптаптан дароо эле муздак бөлмөгө кирбеши керек. Көчөдөн кондиционер иштеп жаткан автоунаага же имараттын ичине киргенде аны дароо эле 16 градуска коюп салуу жарабайт. Тагыраагы, температуралардын ортосу 6-8 градустан ашпашы зарыл.Ал эми экинчи эреже кондиционерди орнотууга тиешелүү. Ал үйлөгөн шамал кишиге барып тийбеши жана отурган же турган адамдын үстү жагына коюлбашы керек."Кондиционердин алдында отурганга болбойт. Иштеп жаткан кишинин столу менен техниканын аралыгы кеминде 1,5-2 метр болушу шарт. Адамды карай үйлөбөшү керек, аны башка тарапты каратып орнотуу зарыл", – деген терапевт.Романенко кондиционердин чыпкалагычына чаң менен ар кыл бактериялар толуп калбаш үчүн маал-маалы менен тазалап турууга кеңеш берди.
https://sputnik.kg/20210606/jd-salkyndatuunun-11-ykmasy-1052742530.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/17/1052964538_0:0:1728:1296_1920x0_80_0_0_d16b800f4afe1f38cce6e39316b1e51f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, кондиционер, шамал, кеңеш
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, кондиционер, шамал, кеңеш
Кондиционердин шамалынан ооруп калбоонун эки жолу. Дарыгердин кеңеши
10:08 23.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Биринчи эрежеде кескин алмашкан абада калбоо боюнча айтылса, ал эми экинчи эреже кондиционерди туура орнотууга тиешелүү.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Эшиктеги ысыктан кирип имараттын ичиндеги кондиционер үйлөгөн муздак абада калган адам ар кыл ооруга кабылышы мүмкүн. Андыктан сыркоолоп калбаш үчүн эки эрежени сакташ керектигин
Sputnik радиосуна терапевт Татьяна Романенко айтып берген.
Ири алдыда киши аптаптан дароо эле муздак бөлмөгө кирбеши керек. Көчөдөн кондиционер иштеп жаткан автоунаага же имараттын ичине киргенде аны дароо эле 16 градуска коюп салуу жарабайт. Тагыраагы, температуралардын ортосу 6-8 градустан ашпашы зарыл.
"Эгерде аптаптан муздак жайга кирсеңиз, абаны акырындап муздатышыңыз керек. Автоунаага түшкөндө да ушундай, кондиционерди кичинеден иштетип баштаңыз. Бул биринчи эреже", – деген Романенко.
Ал эми экинчи эреже кондиционерди орнотууга тиешелүү. Ал үйлөгөн шамал кишиге барып тийбеши жана отурган же турган адамдын үстү жагына коюлбашы керек.
"Кондиционердин алдында отурганга болбойт. Иштеп жаткан кишинин столу менен техниканын аралыгы кеминде 1,5-2 метр болушу шарт. Адамды карай үйлөбөшү керек, аны башка тарапты каратып орнотуу зарыл", – деген терапевт.
Романенко кондиционердин чыпкалагычына чаң менен ар кыл бактериялар толуп калбаш үчүн маал-маалы менен тазалап турууга кеңеш берди.