ИИМ: суу постторун текшерүүдө ашыкча суу агып кеткени аныкталды. Сүрөт
13:11 24.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба МВДМилиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган гидропостторду текшерүү учурунда
![Милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган гидропостторду текшерүү учурунда Милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган гидропостторду текшерүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/06/18/1052979517_0:107:1040:695_1920x0_80_0_0_e86461e0a83cfc84e975a4223c0222fc.jpg)
© Фото / пресс-служба МВД
Жазылуу
Текшерүү учурунда Р-19-3 гидропостунун шлюзу ачык бойдон калып 200-250 литр суу агып жатканы аныкталган.
БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган 22 гидропост менен шлюзду текшерип, эреже бузулганын аныктады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
© Фото / пресс-служба МВДМилиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган 22 гидропост менен шлюзду текшерип, эреже бузулганын аныктады
![Милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган 22 гидропост менен шлюзду текшерип, эреже бузулганын аныктады Милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган 22 гидропост менен шлюзду текшерип, эреже бузулганын аныктады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/18/1052979522_106:0:1008:567_600x0_80_0_0_fe49258883cdc782c0a67912cdc40af6.jpg)
1/4
© Фото / пресс-служба МВД
Милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган 22 гидропост менен шлюзду текшерип, эреже бузулганын аныктады
© Фото / пресс-служба МВДМилиционерлер суу постторуна көзөмөлдү күчөттү
![Милиционерлер суу постторуна көзөмөлдү күчөттү Милиционерлер суу постторуна көзөмөлдү күчөттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/18/1052979512_0:224:748:694_600x0_80_0_0_8194b16f01921a43294a48aeff6bc943.jpg)
2/4
© Фото / пресс-служба МВД
Милиционерлер суу постторуна көзөмөлдү күчөттү
© Фото / пресс-служба МВДАлар 24-июнга караган түнү текшерүү иштерин аткарышкан
![Алар 24-июнга караган түнү текшерүү иштерин аткарышкан Алар 24-июнга караган түнү текшерүү иштерин аткарышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/18/1052979505_0:120:1001:748_600x0_80_0_0_91612c25fb1313cd7a5a3d883150f853.jpg)
3/4
© Фото / пресс-служба МВД
Алар 24-июнга караган түнү текшерүү иштерин аткарышкан
© Фото / пресс-служба МВДЧЧКнын көйгөй көп жараткан 7-посту Москва РИИБинин көзөмөлүнө алынды.
![ЧЧКнын көйгөй көп жараткан 7-посту Москва РИИБинин көзөмөлүнө алынды. ЧЧКнын көйгөй көп жараткан 7-посту Москва РИИБинин көзөмөлүнө алынды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/18/1052979500_0:281:751:753_600x0_80_0_0_aca8073c3728603acb823cbd4b16f80d.jpg)
4/4
© Фото / пресс-служба МВД
ЧЧКнын көйгөй көп жараткан 7-посту Москва РИИБинин көзөмөлүнө алынды.
1/4
© Фото / пресс-служба МВД
Милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган 22 гидропост менен шлюзду текшерип, эреже бузулганын аныктады
2/4
© Фото / пресс-служба МВД
Милиционерлер суу постторуна көзөмөлдү күчөттү
3/4
© Фото / пресс-служба МВД
Алар 24-июнга караган түнү текшерүү иштерин аткарышкан
4/4
© Фото / пресс-служба МВД
ЧЧКнын көйгөй көп жараткан 7-посту Москва РИИБинин көзөмөлүнө алынды.
Маалыматка караганда, милиционерлер суу постторуна көзөмөлдү күчөттү. Алар 24-июнга караган түнү текшерүү иштерин аткарышкан.
"Натыйжада Москва районуна 16,5 куб метр суу киргени, анын 1,3ү агып кеткени маалым болду. Мындан сырткары, Р-19-3 гидропостунун шлюзу ачык бойдон калып 200-250 литр суу агып жатканы аныкталды. Суу колдонуу бөлүмүнүн адиси Ш.Т. шлюз жабылбай калганын моюндаган. Буга байланыштуу департаменттин директору кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды", — дешти ИИМден.
Р-20-1 гидропостунун шлюзу авариялык абалда болгондуктан 159 литр суу агып кеткен. ЧЧКнын көйгөй көп жараткан 7-посту Москва РИИБинин көзөмөлүнө алынды.