https://sputnik.kg/20210625/bruksizm-tish-kychyratuu-ooru-sebepteri-nevropatolog-daryloo-1052989778.html
Курманалиева: бруксизм уктаганда эле эмес, күндүз дагы болушу мүмкүн
Курманалиева: бруксизм уктаганда эле эмес, күндүз дагы болушу мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Невропатолог Дилбара Курманалиева бруксизм менен жабыркаган адамдар эртең менен турганда башы, жаагы ооруп, тырышып, оозун ача албай каларын айтты. 25.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-25T10:08+0600
2021-06-25T10:08+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
невролог
дарылоо
https://sputnik.kg/img/07e5/06/19/1052989653_0:0:3067:1736_1920x0_80_0_0_024f3bc721546360e1a14868e781b09f.jpg
Курманалиева: бруксизм уктаганда эле эмес, күндүз дагы болушу мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Курманалиева: бруксизм уктаганда эле эмес, күндүз дагы болушу мүмкүн
Бруксизм — жаактагы чайноо булчуңдарынын жыйрылышы. Адам басым менен тиштенгендиктен тиш кычырайт. Бул тууралуу Дилбара Курманалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, бруксизм чоң кишилерге салыштырмалуу балдарда көп кездешет.Дарыгер кечинде курамында кофеин бар суусундуктардан, алкоголдон алыс болуп, жылуу душка түшүп, музыка угуп жагымдуу маанайда уктоо керектигин кошумалады.Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/19/1052989653_0:0:3067:1928_1920x0_80_0_0_33208acd43b0d120ea517e5a953dbd6a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, невролог, дарылоо
коом, кыргызстан, невролог, дарылоо
Курманалиева: бруксизм уктаганда эле эмес, күндүз дагы болушу мүмкүн
10:08 25.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Невропатолог Дилбара Курманалиева бруксизм менен жабыркаган адамдар эртең менен турганда башы, жаагы ооруп, тырышып, оозун ача албай каларын айтты.
Бруксизм — жаактагы чайноо булчуңдарынын жыйрылышы. Адам басым менен тиштенгендиктен тиш кычырайт. Бул тууралуу Дилбара Курманалиева
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бруксизм чоң кишилерге салыштырмалуу балдарда көп кездешет.
"Уйку маалында же күндүз тиштерди кычыратуу эпилепсия, энурез, сомнабулизм, үч ача нервдин сезгениши жана башка неврологиялык оорулар менен жабыркагандарда көп байкалат. Мындан тышкары, уйкунун жетишсиздиги, режимдин бузулушу, ден соолукка туура келбеген жашоо образынан улам дене стресске кабылат да, бул дагы ооруну чакырат. Айрым учурда экзамен ташырар алдында, өз жумушун жакшы аткара албай жаткан адамдар, көп нерсени ичине каткан кишилер да кабылат. Дарылоо негизги ооруга ылайык дайындалат, бирок олуттуу патологиясы жок болсо, психотерапевтке кайрылуу сунушталат. Болбогон эле ишке кайгырып көп нерв боло бербей, өзүн колго алып, кандай гана окуя болбосун тынчтыкты сактоо керек. Эс алганды билүү кажет", — деди Курманалиева.
Дарыгер кечинде курамында кофеин бар суусундуктардан, алкоголдон алыс болуп, жылуу душка түшүп, музыка угуп жагымдуу маанайда уктоо керектигин кошумалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: