https://sputnik.kg/20210625/kumtor-praktika-stazhirovka-otuu-1052990540.html
Кумтөрдөн практика жана стажировкадан өтүү үчүн берилген орундар көбөйдү
Кумтөрдөн практика жана стажировкадан өтүү үчүн берилген орундар көбөйдү
Sputnik Кыргызстан
КГК мындан ары жаштарды колдоо программаларына өзгөчө көңүл буруп, аларга жакшы шарт түзүп берерин белгиледи. 25.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-25T10:56+0600
2021-06-25T10:56+0600
2021-12-14T14:27+0600
"кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
жаңылыктар
коом
кыргызстан
кумтөр
студент
практика
кадрлар
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1f/1052666654_0:314:3068:2048_1920x0_80_0_0_76b8faaab6eb365fc0c8f1821b613eb4.jpg
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы окуу жайлардын 3-4-курстарынын студенттерине Кумтөр кенинен практика өтүү үчүн каралган программа кеңейтилди. Бул туурасында "Кумтөр голд компани" (КГК) тышкы башкарууга өткөндөн кийинки бир айлык отчетунда билдирди.Мындай иштер кесиптик-техникалык жана лидерлик жөндөмү бар кадрлар резервин камсыздоо, жаштарга иш жүзүндө тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле таланттууларды табуу, өстүрүү максатында жасалып жатканы айтылат.Дал ушул максатта КГКнын ар кайсы бөлүмдөрүнүн 19 жаш адиси Mining Week Kazakhstan эл аралык тоо-кен-металлургиялык комплексинин кендерди сарамжалдуу пайдалануу жаатында технологиялар жана жабдуулар көргөзмөсүнө катышканы белгиленет. Иш-чара 22-24-июнь күндөрү Казакстандын Караганда шаарында өткөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1f/1052666654_0:120:3068:2048_1920x0_80_0_0_a74b52a9ec8d6c6dc0f1b3df09d8e647.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
"кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы, жаңылыктар, коом, кыргызстан, кумтөр, студент, практика, кадрлар
"кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы, жаңылыктар, коом, кыргызстан, кумтөр, студент, практика, кадрлар
Кумтөрдөн практика жана стажировкадан өтүү үчүн берилген орундар көбөйдү
10:56 25.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) КГК мындан ары жаштарды колдоо программаларына өзгөчө көңүл буруп, аларга жакшы шарт түзүп берерин белгиледи.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы окуу жайлардын 3-4-курстарынын студенттерине Кумтөр кенинен практика өтүү үчүн каралган программа кеңейтилди. Бул туурасында "Кумтөр голд компани" (КГК) тышкы башкарууга өткөндөн кийинки бир айлык отчетунда билдирди.
Мындай иштер кесиптик-техникалык жана лидерлик жөндөмү бар кадрлар резервин камсыздоо, жаштарга иш жүзүндө тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле таланттууларды табуу, өстүрүү максатында жасалып жатканы айтылат.
"КГК өндүрүштүн ар кайсы багыты боюнча студенттерди кабыл алып жатат. Ага кошумча, ар түрдүү адистиктерге стажерлордун саны дагы көбөйтүлдү. Компания мындан ары жаштарды колдоо программаларына өзгөчө көңүл буруп, аларды шыктандыруу жана жөндөмүн арттыруу үчүн жакшы шарттарды түзүп берет. Алдыңкы технологияларды колдонуу менен эл аралык тажрыйба топтошуна да жол ачат", — деп жазылат маалыматта.
Дал ушул максатта КГКнын ар кайсы бөлүмдөрүнүн 19 жаш адиси Mining Week Kazakhstan эл аралык тоо-кен-металлургиялык комплексинин кендерди сарамжалдуу пайдалануу жаатында технологиялар жана жабдуулар көргөзмөсүнө катышканы белгиленет. Иш-чара 22-24-июнь күндөрү Казакстандын Караганда шаарында өткөн.