СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев 1973-жылы "Казакфильмдин" чакыруусу менен белгилүү жазуучу Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде "Көк серек" көркөм тасмасын тартууга киришет. Анын сценарийин Андрей Кончаловский менен Эдуард Тропинин жазып, операторлук милдетти Кадыржан Кыдыралиев аткарган.
Фильмде карышкырдын ийнинен алынган бөлтүрүк менен кичинекей Курмаштын ортосундагы мамиле көрсөтүлгөн. Кийин ал жырткыч чоңоюп качып кетет. Күндөрдүн биринде ал куралчан аңчылардын огунан жарадар болуп өзү чоңойгон сарайга кайра келген. Ошол жерден Курмаш эски досуна жардам берүүгө аракет кылат, бирок "бөрү баласы ит болбойт" дегендей, карышкыр кайра өзүнө кол салып талап коёт.
Көзү тирүү кезинде Төлөмүш Океев ошол учурду эскерип жатып, эгер мен 100 жашка чыкпай калсам, күнөөнү ушул тасмадан көргүлө деп айткан жайы бар.
"Көк серек" тасмасынын сценарийин Андрей Кончаловский экөөбүз жазганбыз, менин эң оор фильмдеримдин бири. Анда ак кар, көз муз баскан тоодо, жапайы карышкырлар менен тартканбыз. Эгер мен 100 жашка чейин жашабай калсам, күнөөнү ушул тасмадан көргүлө. Бирок мен аны тартканыма эч качан өкүнбөйм. Бул эмгегим дүйнөдөгү эң мыкты кино сынчылардын сунушу менен "Оскар" сыйлыгына көргөзүлгөн. Ал тизмеде италиялык Федерико Феллини, япониялык Акира Куросаванын кинокартиналары дагы бар эле. Андан башка "Көк серек" Италияда "Алтын альп бутагы" сыйлыгын жана башка фестивалдардан чемодан толо сыйлык, дипломдорго татыды", — деген режиссёр.
Казакстандын Иле өрөөнүндө тартылган Океевдин ал кинофильми мыкты советтик 100 тасманын катарына кирген. Ага кичинекей Камбар Валиев, Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жанкорозова, Каргамбай Сатаев, Нуржуман Ихтымбаев, Мухамедкали Таванов өңдүү кыргыз, казак актёр, актрисалары катышкан.
![Көк серек тасмасынын көпчүлүк бөлүгү Казакстандын Иле өрөөнүндө тартылган Көк серек тасмасынын көпчүлүк бөлүгү Казакстандын Иле өрөөнүндө тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069109_0:0:2048:1791_600x0_80_0_1_832a13393464fdf43b15a03b510778cf.jpg)
![Кинокартинада Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жанкорозова жана казакстандык актёрлор роль жараткан Кинокартинада Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жанкорозова жана казакстандык актёрлор роль жараткан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069115_0:0:2048:1423_600x0_80_0_1_c8e636d089aa26c784a35f1019952e28.jpg)
![Көчөдө ит менен бөлтүрүктү согуштурган өспүрүмдөр Көчөдө ит менен бөлтүрүктү согуштурган өспүрүмдөр - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069478_0:0:2698:2048_600x0_80_0_1_4f1ace4dd3194a136f55c8d27c27626c.jpg)
![Режиссёр Океев менен башкы каарман Ахангулдун ролун аткарган Чокморов Режиссёр Океев менен башкы каарман Ахангулдун ролун аткарган Чокморов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069120_0:0:2048:1451_600x0_80_0_1_008e49afb5950e47c6327bb49e678b45.jpg)
![Кичинекей Камбар Валиев менен Сүймөнкул Чокморов бөлтүрүккө көз салып турган ирмем Кичинекей Камбар Валиев менен Сүймөнкул Чокморов бөлтүрүккө көз салып турган ирмем - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069505_0:0:2614:2047_600x0_80_0_1_afe7bc7b00cc953601650c59b32eab5c.jpg)
![Тоодо балта көтөргөн Океев, камерасын шыкаалаган оператор Кадыржан Кыдыралиев Тоодо балта көтөргөн Океев, камерасын шыкаалаган оператор Кадыржан Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069125_0:0:1500:1158_600x0_80_0_1_1b4b2ee381e154ad9dd92f84bf0e9efa.jpg)
![Кинофильмде 1920-жылдардын башындагы казак элинин жашоо-турмушу да көрсөтүлгөн Кинофильмде 1920-жылдардын башындагы казак элинин жашоо-турмушу да көрсөтүлгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069518_0:0:2644:2048_600x0_80_0_1_1b97b45c45155ccd142c9e6871b12f98.jpg)
![Ак кар баскан талаада техникасы менен кызуу иштеген киночулар Ак кар баскан талаада техникасы менен кызуу иштеген киночулар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069130_0:0:2048:1677_600x0_80_0_1_2189a33c6aa8f96e7f308bfcbe92138e.jpg)
![Көк серек бир нече айда толугу менен тартылып бүтүп көрүүчүлөргө сунушталган Көк серек бир нече айда толугу менен тартылып бүтүп көрүүчүлөргө сунушталган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069135_0:0:2048:1422_600x0_80_0_1_5b1465f82ffd6a1533e109cabc353422.jpg)
![Көк сереги менен кучакташкан Камбар Валиев. Анда башкы каарман 11 жашта болчу Көк сереги менен кучакташкан Камбар Валиев. Анда башкы каарман 11 жашта болчу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069536_0:0:2750:2048_600x0_80_0_1_fb03b8fcfddd86bd9c4d70e63b92eb14.jpg)
![Жоголгон малын издеп келген байлар менен мушташкан Ахангул (Сүймөнкул Чокморов) Жоголгон малын издеп келген байлар менен мушташкан Ахангул (Сүймөнкул Чокморов) - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069141_0:0:2048:1450_600x0_80_0_1_b7f9ffbb5f78c5c6764995d193048c17.jpg)
![Тасма тартуу маалында бош боло калганда колуна сыясын, кагазын алып сүрөт тарткан залкар актёр Тасма тартуу маалында бош боло калганда колуна сыясын, кагазын алып сүрөт тарткан залкар актёр - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053069146_0:0:2048:1484_600x0_80_0_1_5fd804e383b809c5bdee6ca013817a53.jpg)