00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:08
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абакова: баланы коркутуп ойнотуу психикасына зыян

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Айдана Абакова
Психолог Айдана Абакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Психолог Айдана Абакова баланын кичинекей кезинде коркуп, чочуп калган учурларына маани бербей койсо, фобияга өсүп жетиши мүмкүндүгүн айтты.
Балдарды "бөө келатат", "сени жеп кетет", "доктур укол сайып салат" деп коркутуу же ойноп жатып ал үчүн коркунучтуу нерселерди айтып берип чочутуу психикасына олуттуу зыян алып келет. Бул тууралуу Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абакова: баланы коркутуп ойнотуу психикасына зыян
Анын айтымында, бала бир нерседен коркуп калганын айтып берип жатса улуулар олуттуу көңүл буруп, аны тынчтандырып коюусу өтө зарыл.
"Коркуу экиге бөлүнөт. Бар нерседен коркуу, чочуу жана колго кармалып, көзгө көрүнбөгөн жагдайда деле элестетип корко берүү. Бул фобия деп аталат. Ал жөн жерден эле пайда болуп калбайт. Биринчиден, бала кичинекейинде коркуп калган болсо, ал өзү унутуп калган учурда да кийин фобияга айланып кетиши мүмкүн. Мисалы, жыгылып кетсе кийин бийиктикке чыккандан коркуп, кичинесинде караңгыдан чочулаган бала чоңойгондо жабык имараттардан же туннелдерден, лифтке чыкканда аба жетпегендей энтигип калат. Демек, фобия биз бала кезде кабылган коркунучтардан пайда болот. Ошондуктан кичинекей бөбөктөрдү чочутуп ойнотпоо керек. Өзү бир нерседен коркуп калган учурда да ата-энеси тынчтандырып, ошол замат көңүл буруусу зарыл", — деди Абакова.
Психолог кош бойлуу аял эмнеден корксо ал баласына да өтөрүн кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын аудиодон угуңуз:
Жаңылыктар түрмөгү
0