![Россиянын ӨКМи тик учагы кырсыктаганын жерге катуу түштү Россиянын ӨКМи тик учагы кырсыктаганын жерге катуу түштү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/07/04/1053101646_0:0:0:0_1920x0_80_0_0_14b6438c24fa4bb964e557fdc6727330.jpg)
Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Россиянын ӨКМи Ми-2 үлгүсүндөгү тик учак кырсыктаганын, жерге катуу түшүп, бирок талкаланбагандыгын билдирди.
![Авиакырсык: күн карама талаасынын дал ортосуна түшкөн тик учак. Фотофакт Авиакырсык: күн карама талаасынын дал ортосуна түшкөн тик учак. Фотофакт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/07/04/1053101641_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_04e974b3636b35b50683b24897db0a71.jpg)
4-июлда Кабардин-Балкар Республикасындагы Прохладный шаарынын жанына аба техникасы кырсыктаганы боюнча кабар куткаруучуларга саат 10:20да айтылган. Тик учактын эшиктери ачылган тейде калып, анын ичинде учкучтар жок болуп чыккан. Алардын абалы тууралуу маалыматтар азырынча айтыла элек.
![Авиакырсык: күн карама талаасынын дал ортосуна түшкөн тик учак. Фотофакт Авиакырсык: күн карама талаасынын дал ортосуна түшкөн тик учак. Фотофакт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/07/04/1053101651_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_3c90e9fa77ed551d2b6854b495503bd9.jpg)
Агенттик тик учактын талаага түшкөндөн кийинки асмандан, капталынан, жанынан тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. Анда сапсары болуп бир нече гектарга созулуп жаткан күн карама өскөн талааны жана анын ортосуна түшкөн тик учакты көрүүгө болот.
Аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин тиешелүү бөлүмү иликтөө иштерин баштаган.
Маалыматта тик учактын авиациялык-химиялык иштерди жасоо үчүн абага көтөрүлгөнү айтылган.