https://sputnik.kg/20210714/osh-shajloonun-zhyjyntygyn-zhokko-chygaruu-1053212996.html
Ошто кайра шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат
Ошто кайра шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат
Sputnik Кыргызстан
Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Алгач тогуз партия катталып, бирок 10-июль күнү БШК "добуш сатып алуу аракетин... 14.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-14T11:20+0600
2021-07-14T11:20+0600
2021-12-14T14:27+0600
бишкек, ош жана токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
коом
шаардык кеңеш
ош
шайлоо
жыйынтык
нааразычылык
https://sputnik.kg/img/07e5/07/0b/1053174050_0:198:1280:922_1920x0_80_0_0_741917ab919fd57d5cbe4cea2d8077b9.jpg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып беш партия аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) арыз менен кайрылды. Бул тууралуу "Улуу-Журт" партиясынын өкүлү Мирлан Орозбаев Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.Арызды алдын ала жыйынтык боюнча мандат албай калган "Келечек — Будущее", "Нур" "Улуу-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган "Ынтымак" партиясы жазган. Аталган партиялардын өкүлдөрү 11-июлда өткөн шайлоодо мыйзам бузуулар көп катталгандыгын, ар бир партияда далилдер бар экенин айтууда.Ал эми Ош аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиялардын талабы тууралуу азырынча комментарий бере элек.Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Алгач тогуз партия катталып, бирок 10-июль күнү БШК "добуш сатып алуу аракетин көрдү" деген негиз менен "Ынтымак" партиясын жарыштан четтеткен.Баштапкы жыйынтыкка ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" — 32,61, "Биздин Кыргызстан" — 31,59, "Улуттар биримдиги" — 14,82, "Бир Бол" 7,38 пайыз добуш алган.
https://sputnik.kg/20210713/deputattardy-shajloo-myjzamynyn-choo-zhajy-1053201452.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/0b/1053174050_0:156:1280:960_1920x0_80_0_0_2da11f394c69eb3fd10a9427672c9eaf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, ош жана токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо, жаңылыктар, кыргызстан, саясат, коом, шаардык кеңеш, ош, шайлоо, жыйынтык, нааразычылык, арыз
бишкек, ош жана токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо, жаңылыктар, кыргызстан, саясат, коом, шаардык кеңеш, ош, шайлоо, жыйынтык, нааразычылык, арыз
Ошто кайра шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат
11:20 14.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Алгач тогуз партия катталып, бирок 10-июль күнү БШК "добуш сатып алуу аракетин көрдү" деген негиз менен "Ынтымак" партиясын четтеткен.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып беш партия аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) арыз менен кайрылды. Бул тууралуу "Улуу-Журт" партиясынын өкүлү Мирлан Орозбаев Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Арызды алдын ала жыйынтык боюнча мандат албай калган "Келечек — Будущее", "Нур" "Улуу-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган "Ынтымак" партиясы жазган. Аталган партиялардын өкүлдөрү 11-июлда өткөн шайлоодо мыйзам бузуулар көп катталгандыгын, ар бир партияда далилдер бар экенин айтууда.
Ал эми Ош аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиялардын талабы тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Алгач тогуз партия катталып, бирок 10-июль күнү БШК "добуш сатып алуу аракетин көрдү" деген негиз менен "Ынтымак" партиясын жарыштан четтеткен.
Баштапкы жыйынтыкка ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" — 32,61, "Биздин Кыргызстан" — 31,59, "Улуттар биримдиги" — 14,82, "Бир Бол" 7,38 пайыз добуш алган.