00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сыдыков: "Манас айылы" маданий комплекси жараксыз абалда турат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыков
Манас айылы маданий-этнографиялык комплексинин жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыков аталган комплекс 1995-жылы "Манас-1000" мааракесине утурлай салынганын белгиледи.
"Манас айылы" учурунда сапатсыз курулуп, кыргыздын дүйнө таанымына туура келбей калган. Мындай пикирин Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сыдыков: "Манас айылы" маданий комплекси жараксыз абалда турат
Анын айтымында, ушу тапта аталган комплекс жараксыз болуп калган.
"1995-жылы "Манас-1000" мааракесин утурлай "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси салынган. Ошондо курулушу сапатсыз болуп, кыргыз дүйнө таанымына, Манаска туура келбей калган. Мисалы, ошол эле эстеликтер үч бурчтук, төрт бурчтук болуп курулган. Дүйнөдө мындай эстеликтер, маданий комплекстер кылымдап турат. Ал эми аталган маданий-этнографиялык комплексти конокторго көрсөтүүдөн тартынып, зээниң кейийт. Ошол жерге кантип туристтерди чакырып, Манастын айылы деп көрсөтөбүз? Эми аны оңдоп-түзөгөнгө дагы болбойт. Кайрадан салууга муктаждык жаралууда. Мындан тышкары, учурунда бул борбор үчүн 12 гектар жер бөлүнгөн. Азыр анын 8,93 гектары эле комплекстин карамагында калган. Буга чейинки бийликтин учурунда ал жерлер "Ысык-Көл" мейманканасынын карамагына өтүп кеткен. Ошондой эле аталган комплекстин тогуз миллион сом карызы бар. Бул кайсы учурда кимге бериле турган карыз экени белгисиз. Ушу тапта аталган комплексти кайрадан чет элден келген туристтер суктана тургандай куруу пландалууда", — деди Сыдыков.
Ошондой эле ал комплексти жеке менчикке өткөрүп кетүүгө кызыгып жаткан тараптар бар экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин кайра куруу боюнча архитекторлор арасында сынак жарыяланган. Ал КР президентинин иш башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлмөкчү.
Жаңылыктар түрмөгү
0