БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бүгүн, 24-июлда, өлкөнүн Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүйдөгү Silk Way логистикалык борборунун курулушунан кабар алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бажы башчысы бул улуттук долбоорду ишке киргизүү тышкы экономикалык ишмердик жүргүзгөндөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.
© Фото / пресс-служба ГТС КРБүгүн, 24-июлда өлкөнүн Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүйдөгү Silk Way логистикалык борборунун курулушунан кабар алды.
1/2
© Фото / пресс-служба ГТС КР
Бүгүн, 24-июлда өлкөнүн Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүйдөгү Silk Way логистикалык борборунун курулушунан кабар алды.
© Фото / пресс-служба ГТС КРБажы башчысы бул улуттук долбоорду ишке киргизүү тышкы экономикалык ишмердик жүргүзгөндөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.
2/2
© Фото / пресс-служба ГТС КР
Бажы башчысы бул улуттук долбоорду ишке киргизүү тышкы экономикалык ишмердик жүргүзгөндөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.
1/2
© Фото / пресс-служба ГТС КР
Бүгүн, 24-июлда өлкөнүн Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүйдөгү Silk Way логистикалык борборунун курулушунан кабар алды.
2/2
© Фото / пресс-служба ГТС КР
Бажы башчысы бул улуттук долбоорду ишке киргизүү тышкы экономикалык ишмердик жүргүзгөндөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.
"Бул өз кезегинде эл аралык соода жана товар жүгүртүү бөлүгүндө өлкөнүн экономикалык дараметин жогорулатууга жана өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир тийгизет. Индустриалдык парктын ачылышы анын көп функционалдуу болгону менен маанилүү. Бажы брокерлери жана кампа жайлары борборлоштурулат, тагыраак айтканда, бизнесмендер жана тышкы экономикалык ишкердик жүргүзгөндөр бардык кызматтарды бир жерден пайдалана алышат. Бул алардын иш жүргүзүүсүн кыйла жеңилдетет. Албетте, бул мамлекеттик казынага акча каражаттарынын түшүүсүн жогорулатат", — деп белгиледи Исабеков.
Исабеков бул улуттук долбоор иштеп баштаганда "ЮниЛаб" жана "БТС" терминалдарынын иштөөсү токтотуларын кошумчалады.
Ири улуттук индустриалдык парктын ачылышы Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө карата 31-августка пландалган.