00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Тотонов: Бишкек шаар эмес эле ат сарай, иткана болуп калды 

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Депутат Кыргызстандын көзгө басар жалгыз шаары Бишкектин кебетеси кеткенин айтып, аны ат сарайга салыштырды.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкектин кебетеси кетип шаар эмес эле айыл болуп калды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү борбор калаада жөнөкөй эле кызмат көрсөтүүлөр иретке келтирилбегенин сынга алды.

“Кыргызстанда көзгө басар жалгыз шаарыбыз — Бишкек. Анын да кебетесин көрүп атабыз, ат сарай эле болуп калды. Баса албайсың, тротуар, аялдамалардын кебетеси кеткен, маршруткаларды айтпай эле коёлу. Европаны кыялданбай эле, Алматыны ээрчийличи. Алардын шаардык транспорту кирешелүү, баары так жүрөт. Бизде кубалашып эле жүргүнчүлөрдү илип кете берет. Шаардын кебетеси өлдү, айыл эле болуп калды. Сыймыктанып баса албайсың. Мэр же вице-мэр конкреттүү бир система менен иштеп жатканын көрбөйсүң”, — деди Тотонов.

Ошондой эле ал Бишкектен автобустар паркы жылына 500 миллион сомдук дотацияда турарын белгилеп, андан көрө муну жеке менчикке берүүнү сунуштады.

Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Мэрия: Бишкектин борборунда экологияга зыянсыз автобустар гана каттайт 
“Жол кирени жыл сайын эле бир сомдон кошуп тургула, эл да кыйналбайт. Бензиндин баасы бизден беш эсе арзан Алматыда жол кире салыштырмалуу кымбат. Анан эле экономиканы ойлобой популизм менен “эл көтөрө албайт” деп кыйкырып коюшат. Системалуу реформага бара турган убакыт келди. Шаарыбыз аткана, иткана болуп кетти, көчөнүн баарын ит каптады. Аны кармайын десең “итти атканча мени ат” деп чыгат. Борбордук көчөлөрдүн ичи таштандыга толгон”, — деди депутат.

Аны менен катар учурда мэрдин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергеновду сындап, айыл өкмөт башчысын мэрликке отургузбай, чыныгы мэрди алып келүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0