БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы жеткирилди.
![Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы жеткирилди Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы жеткирилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/1e/1053382899_0:62:1620:1080_600x0_80_0_0_d16aba7251b3a24fa3e9bfd103475215.jpg)
![Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/1e/1053382669_0:62:1620:1080_600x0_80_0_0_83db7afd2fb50d3372daf3504a771ad7.jpg)
![Шведдик-британдык вакцинанын 226 миң дозасы алынганын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди Шведдик-британдык вакцинанын 226 миң дозасы алынганын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/1e/1053382674_0:62:1620:1080_600x0_80_0_0_c8d38cc30038ae528941913785a0db1d.jpg)
![Анын айтымында, Кыргызстанда бул препаратты 1200 адам алды Анын айтымында, Кыргызстанда бул препаратты 1200 адам алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/1e/1053382664_0:0:1620:1018_600x0_80_0_0_395cfdb161f824f9d1c068c2d5ff792d.jpg)
![Кыргызстандыктар үчүн мындан башка россиялык Спутник V, кытайлык Vero Cell (Sinopharm) жана казакстандык QazVac жеткиликтүү. Кыргызстандыктар үчүн мындан башка россиялык Спутник V, кытайлык Vero Cell (Sinopharm) жана казакстандык QazVac жеткиликтүү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/07/1e/1053382718_0:0:1620:1019_600x0_80_0_0_19e539cb655f2dec52c13265c5d8a815.jpg)
Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия.
Шведдик-британдык вакцинанын 226 миң дозасы алынганын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда бул препаратты 1200 адам алды. Эске салсак, буга чейин Азербайжан ушул вакцианын 40 миң дозасын гумжардам катары жөнөткөн.
COVAX - бул Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянс жана Эпидемияларга карата даярдыкты камсыздоо жаатындагы инновация боюнча коалициясы менен биргеликте ДССУ тарабынан чыгарылган эл аралык механизм.
Программа өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнү колдойт жана сатып алууларды жүргүзөт. Анын шарттары боюнча, кирешеси жогору өлкөлөр башка мамлекеттерге жардам берүү максатында вакциналардын акчасын төлөшөт.