https://sputnik.kg/20210803/zhumanazarovanyn-uj-bulosu-kolo-1053424484.html
Көзүнө жаш алган ата. Жуманазарованын үй-бүлөсүнүн мелдешке күбө болгон видеосу
Көзүнө жаш алган ата. Жуманазарованын үй-бүлөсүнүн мелдешке күбө болгон видеосу
Sputnik Кыргызстан
Жуманазарова баштапкы этапта болгариялык Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти... 03.08.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-08-03T21:14+0600
2021-08-03T21:14+0600
2021-12-16T13:59+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/08/03/1053424442_0:194:3072:1932_1920x0_80_0_0_a7423a52ff158925f2717fe0a4dacd2e.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/03/1053424442_0:98:3072:2028_1920x0_80_0_0_fcd5a03b35f2ab19fe73b78e96fb55e0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, азия, дүйнөдө, спорт, мээрим жуманазарова, 2021-жылы токиодо өтө турган олимпиада оюндары, видео
жаңылыктар, коом, кыргызстан, азия, дүйнөдө, спорт, мээрим жуманазарова, 2021-жылы токиодо өтө турган олимпиада оюндары, видео
Көзүнө жаш алган ата. Жуманазарованын үй-бүлөсүнүн мелдешке күбө болгон видеосу
21:14 03.08.2021 (Жаңыртылды: 13:59 16.12.2021) Жуманазарова баштапкы этапта болгариялык Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, балбан кыз коло байге үчүн ат салышты.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Sputnik редакциясы Олимпиада оюндарында коло медаль уткан Мээрим Жуманазарованын ата-энеси менен жакындары мелдеш көрүп жаткан учурдун видеосун алды.
Кадрлардан көрүнүп тургандай, спортчунун атасы Рахмадил Жуманазаров кызынын жеңишин көрүп, көзүнө жаш алды. Ошондой эле туугандарынын да сүйүнүчүн көрүүгө болот.
Жуманазарова баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Ал эми бүгүн эртең менен спортчу көңүл жубатуучу таймашта азербайжан кызы Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.
Мээрим Жуманазарованын бул олжосу Кыргызстандын эгемен тарыхындагы үчүнчү коло байге болду.