БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Токиодогу Олимпиададан келген спортчулардын урматына уюштурулган "Ала-Тоо" аянтындагы концертке тапанча алып жүргөн жаран келгенин Бишкек ШИИББден билдиришти.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаТокиодогу Олимпиададан келген спортчулардын урматына уюштурулган "Ала-Тоо" аянтындагы концертке тапанча алып жүргөн жаран келгенин Бишкек ШИИББден билдиришти
![Бүгүн Ала-Тоо аянтына тапанча менен келген киши кармалды Бүгүн Ала-Тоо аянтына тапанча менен келген киши кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053471939_0:0:770:848_1920x0_80_0_0_0c121b6c2f7fd93cff5e0d448a2055b9.jpg)
Токиодогу Олимпиададан келген спортчулардын урматына уюштурулган "Ала-Тоо" аянтындагы концертке тапанча алып жүргөн жаран келгенин Бишкек ШИИББден билдиришти
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Милициянын маалыматына караганда, аянтка тыюу салынган каражаттарды алып кирүүгө жол бербөө үчүн көзөмөл-өткөрүү пунктулары орнотулган.
"1993-жылы туулган А.А. аттуу жарандын жанынан Ekol Volga үлгүсүндөгү травматикалык тапанча табылган. Жаран Биринчи май райондук милициясына жеткирилип, протокол түзүлгөн. Ага айып салынды", - деп айтылат маалыматта.
Башка мыйзам бузуу катталган эмес.