Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Бир нече күйөрманы жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.
"Ала-Тоо" аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты. Бул жерде ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Аларды куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.
Кыргыз балбандары эки күмүш, бир коло тагынып келишти. Өлкөнүн эгемен тарыхында атлеттер биринчи болуп Олимпиададан үч медаль утуп жатат. Кыз-келиндер арасында дагы буга чейин бир да спортчу байгеге жеткен эмес. Жаңы тарыхты Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова жазды. Ал эми Акжол Махмудов 13 жыл мурунку тарыхты кайталады. Анда Пекин Олимпиадасында грек-рим көрөшүнөн Канат Бегалиев күмүш уткан эле.
Токио-2020 жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барган. Эң акыркысы болуп 42 чакырым, 195 метрге чуркаган Дарья Маслова жыйынтыктады. Ал 88 жөө күлүктүн ичинен марага 36-болуп келди.
![Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472480_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_7fd6b9fb7faa5a2f7481ba4edb943631.jpg)
![Атлеттерди аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды Атлеттерди аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472485_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_ff0d54ee194225e8caa42c5eefd595eb.jpg)
![Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова ата-энеси жана бир туугандары менен учурашууда. Бул учурда апасынын көзүнө жаш алганын көргөн балбан кыз да жашып кетти. Айсулуу ыйлабаңыз, апа! деп энесин кубаттады. Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова ата-энеси жана бир туугандары менен учурашууда. Бул учурда апасынын көзүнө жаш алганын көргөн балбан кыз да жашып кетти. Айсулуу ыйлабаңыз, апа! деп энесин кубаттады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472490_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_b81da62981935e8aa77f242c94f88fdf.jpg)
![Кыргызстан спорттун күрөш түрүнөн гана медаль алды. Грек-рим күрөшүнөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч спортчу Олимпиадага барган. Кыргызстан спорттун күрөш түрүнөн гана медаль алды. Грек-рим күрөшүнөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч спортчу Олимпиадага барган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472495_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_02c7f7520d1f8aaa969c6ba46e670d58.jpg)
![Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту. Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472500_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_db16722b36ec7193edfd79e001c5cae5.jpg)
![Ала-Тоо аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты Ала-Тоо аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472505_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_5b3e3bce1c52b1dd71fd9df24a9146cd.jpg)
![Өлкө намсын коргогон атлеттерди куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту. Өлкө намсын коргогон атлеттерди куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053471944_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_95906b6587421ba07cd0fcb0fd631fa0.jpg)
![Борбордук аянтк кызыл килем төшөлүп ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Кубануу менен келе жаткан коло байге ээси Мээрим Жуманазарова. Борбордук аянтк кызыл килем төшөлүп ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Кубануу менен келе жаткан коло байге ээси Мээрим Жуманазарова. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472510_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_95046c8db63e0bb5c38de9623768bcd6.jpg)
![Алтынга аз гана жетпей калып күмүш тагынып келген Акжол Махмудов кызыл килемде Алтынга аз гана жетпей калып күмүш тагынып келген Акжол Махмудов кызыл килемде - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053470494_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_7d5f5228f484700b0a6375f589808229.jpg)
![Президент Садыр Жапаров Махмудовдун күрөштөгү өзгөчө ыкмасына баа берди Президент Садыр Жапаров Махмудовдун күрөштөгү өзгөчө ыкмасына баа берди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472515_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_4b755de939ece5f308ed141609405d2d.jpg)
![Кыргыз элинин дагы бир сыймыгы Айсулуу Тыныбекова. Ал эл астында сүйлөп жатып Олимпиададан алтын алам деген сөзүмө тура албай калдым деп кечирим сурады. Кыргыз элинин дагы бир сыймыгы Айсулуу Тыныбекова. Ал эл астында сүйлөп жатып Олимпиададан алтын алам деген сөзүмө тура албай калдым деп кечирим сурады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053470446_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_d1e0b1ac65cd5f860e8cc2c188c62fd8.jpg)
![Жоламан Шаршенбеков баштапкы этапта казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза техникалык артыкчылык менен жеңген. Ал эми чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды. Жоламан Шаршенбеков баштапкы этапта казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза техникалык артыкчылык менен жеңген. Ал эми чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472521_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_4649338e09a4ba1e42e32e4ca4cf206d.jpg)
![Каныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты. Ал пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышка катышып, финалдык баскычка өтө алган эмес. Каныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты. Ал пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышка катышып, финалдык баскычка өтө алган эмес. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472526_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_acfada963aadd44005020b1fd64a28bb.jpg)
![Денис Петрашов 100 жана 200 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жакшы жыйынтык көрсөтө алды Денис Петрашов 100 жана 200 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жакшы жыйынтык көрсөтө алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472531_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_58950e5988190ef756879253c411d089.jpg)
![Мамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады Мамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053470318_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_754a6b0abb02d6c2667702068a10932f.jpg)
![Кыргызстандыктар спортчуларды колдоп-кубаттоо үчүн жаш-кары дебей борбордук аянтка чогулган Кыргызстандыктар спортчуларды колдоп-кубаттоо үчүн жаш-кары дебей борбордук аянтка чогулган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472536_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_916e2f51f3eaefab80fc0e957e3f86ef.jpg)
![Жаңы тарыхты жазган спортчулар менен сүрөткө түшүүгө ашыккандар көп болду Жаңы тарыхты жазган спортчулар менен сүрөткө түшүүгө ашыккандар көп болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/07/1053472541_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_8c064e45da7e8da542256ed0a4e4e304.jpg)