БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында 16-августтан 27-августка чейин газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Бул күндөрү жылытуу сезонуна карата газ бөлүштүрүүчү тармактарда оңдоо жана профилактикалык жумуштар аткарылат.
Газ берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
- Курманжан Датка, Калинин көчөлөрүндө, Чүй проспектинде, ЧЧК менен кесилишкен аймактарда;
- Чыгыш-5 кичи району;
- Бакай-Ата жаңы конушунун күн батыш тарабы;
- ЖЭБ (ТЭЦ);
- Восток жана Лебединовка айылдары.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.