БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында уникалдуу үч көргөзмө ачылды.
Ар биринин ачылышына Россия менен Кыргызстандын маданият министрлеринин орун басарлары Ольга Ярилова менен Салтанат Аманова катышты.
Россиянын илим жана маданият борборунда РФтин көркөм өнөр мактебинин окуучуларынын эмгектери коюлду.
![Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында уникалдуу үч көргөзмө ачылды Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында уникалдуу үч көргөзмө ачылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/0d/1053540021_0:0:1621:1019_600x0_80_0_0_593f8f4f5b8457faef42b3ad9a13c346.jpg)
![Ар биринин ачылышына Россия менен Кыргызстандын маданият министрлеринин орун басарлары Ольга Ярилова менен Салтанат Аманова катышты Ар биринин ачылышына Россия менен Кыргызстандын маданият министрлеринин орун басарлары Ольга Ярилова менен Салтанат Аманова катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/0d/1053540010_0:0:1621:1019_600x0_80_0_0_f017f38ca134f930ef8d70fbac136773.jpg)
![Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде Кижи корук-музейи менен Airpano компаниясынын биргелешкен сүрөт көргөзмөсү өттү. Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде Кижи корук-музейи менен Airpano компаниясынын биргелешкен сүрөт көргөзмөсү өттү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/0d/1053540000_0:0:1620:1080_600x0_80_0_0_93f469447608996355363a7c0e182c4d.jpg)
"Бул жерде ар кайсы курактагы балдардын эмгектери коюлду. Аларды карап туруп азыркы муун Россияны кандай кабыл аларын, сезимдерин жана эмоцияларын көрүүгө болот", — деди Ольга Ярилова.
Ошондой эле ал россиялык делегация кийинки жолу келгенде Бишкекте "Россия менен Кыргызстан балдардын көзү менен" аттуу көргөзмө уюштурууну сунуштады.
![Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында уникалдуу көргөзмөлөр өтүүдө. Сүрөт Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында уникалдуу көргөзмөлөр өтүүдө. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/08/0d/1053540026_0:0:1620:1080_1920x0_80_0_0_a505eb6f5d5a5d807f4cd90366d09188.jpg)
Ал эми Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде "Кижи" корук-музейи менен Airpano компаниясынын биргелешкен сүрөт көргөзмөсү өттү.
"Кижи" музейи — христиандык маданият жана улуттук архитектураны өзүнө камтыган уникалдуу корук жайы. Бул Россияда ачык асман алдында жайгашкан ири музейлердин бири. ЮНЕСКОнун материалдык эмес жаратылыш мурастар тизмесине кирген. Көргөзмө 1-сентябрга чейин болот.
![Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында уникалдуу көргөзмөлөр өтүүдө. Сүрөт Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында уникалдуу көргөзмөлөр өтүүдө. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/08/0d/1053540036_0:0:1620:1080_1920x0_80_0_0_1c1c4e040b80e5cd6b67f5bacaf32ba0.jpg)
Ошол эле музейде "Низами образдары: Чыгыш менен Батыштын диалогу" көргөзмөсү болду. Анда 50 планшетте 41 эмгек көрсөтүлдү. Ар биринен көрүүчүлөр Низаминин таасири аркылуу ар кайсы мамлекеттерде жаралган эмгектерди көрө алат.
12-14-август күндөрү КР менен РФтин эриш-аркак жылынын алкагында Россиянын маданият күндөрү өтүүдө.