https://sputnik.kg/20210819/akylbek-zhaparov-eaeb-chek-arachy-1053601974.html
Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунан чек арачыларды алууга чакырды
Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунан чек арачыларды алууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
Жапаровдун айтымында, ЕАЭБдин принциптери так сактала турган болсо, соода жүгүртүүнүн көлөмү да жогорулайт. 19.08.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-08-19T13:45+0600
2021-08-19T13:45+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/08/13/1053599254_0:1:1620:917_1920x0_80_0_0_2b7b0cfb5ad5bf9b997800be742b3da4.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/13/1053599254_0:0:1620:1019_1920x0_80_0_0_4ba8615f453b255bea600f645f645148.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, дүйнөдө, экономика, акылбек жапаров, евразиялык экономикалык биримдик, iii кыргыз-россия бизнес-форуму
жаңылыктар, кыргызстан, дүйнөдө, экономика, акылбек жапаров, евразиялык экономикалык биримдик, iii кыргыз-россия бизнес-форуму
Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунан чек арачыларды алууга чакырды
13:45 19.08.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жапаровдун айтымында, ЕАЭБдин принциптери так сактала турган болсо, соода жүгүртүүнүн көлөмү да жогорулайт.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров кыргыз-россия бизнес-форумунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы чек араларды алып салууну демилгеледи.
Ал ЕАЭБ өз күчүн бекемдеп, дүйнөлүк экономикадагы негизги оюнчу болоруна терең ишенимин билдирди. Бирок бул үчүн өлкөлөр ЕАЭБдин иштешинин негизги принциптерин жана уставын так аткарышы керек деп эсептейт.
"Товарларды эркин ташууга макулдашканбыз, келгиле, ошону сактайлы. Мындай принцип барбы же жокпу, чек арачыларды жана атайын кызматтарды тартып, биздин бизнестин товарынан баңгизат же террорчуларды издөө кажет эмес", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал эгер бул принцип сактала турган болсо, соода жүгүртүүнүн көлөмү да жогорулай турганын белгиледи.
"Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек арачылар пайда болууда. Андан ары Казакстан менен Россиянын ортосунан тосуп чыгышат. Келгиле, чек арачыларды алып салалы", — деди министр.
Аны менен бирге эле Жапаров дүйнөлүк соода уюму ЕАЭБди бирдиктүү экономикалык аймак катары карап жатканын кошумчалады.