БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Өлкөгө бир катар террористтик уюмдарды үгүттөө үчүн жалданып келген деген шек менен 27 жаштагы кыргызстандык кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ал С.Ж. аттуу Баткен облусунун тургуну болгон.
![Ислам мамлекетинин башчылары жөнөткөн. УКМК 27 жаштагы кишини кармады Ислам мамлекетинин башчылары жөнөткөн. УКМК 27 жаштагы кишини кармады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/08/14/1053614495_0:0:689:809_1920x0_80_0_0_b51597ff061005166962936cba0c9d24.jpg)
Атайын кызмат билдиргендей, кармалган жаран 2016-жылы "Ислам мамлекети"* эл аралык террористтик уюмунун бандиттик түзүлүштөрү тарабындагы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Сириядагы чыр-чатактар аймагына кеткен.
"С.Ж. террордук топтун катарына адамдарды тартуу жана андан ары Сирия менен Афганистанга өткөрүп берүү максатында "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргызстанга келген", — деп айтылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда УКМК аны менен болгон кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралардын комплексин улантууда.
"Ислам мамлекети"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде террористтик уюм катары тыюу салынган уюм болуп саналат.