БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов II даражадагы Манас ордени менен сыйланып, 10 миллион сомдук акчалай сыйлык алды. Мындан сырткары, Toyota RAF 4 унаа белекке берилди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жана президент Садыр Жапаров
![Жапаров Айсулуу менен Акжолго Манас орденин ыйгарып, унаа жана 10 млн. сом берди Жапаров Айсулуу менен Акжолго Манас орденин ыйгарып, унаа жана 10 млн. сом берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/08/17/1053643508_0:0:1772:1222_1920x0_80_0_0_ee429ae5d3b3717eb9a91d0f1053de87.jpg)
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жана президент Садыр Жапаров
Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова президенттин колдоосуна ыраазычылык берилип, 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышарын айтты.
Ушундай эле сыйлык менен грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын күмүш медалын уткан Акжол Махмудовго да берилди.
Азыркы тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттин Олимпиаданын байге ээлерин сыйлоо аземи өтүп жатат.
Эске салсак, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) менен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) күмүш медаль утушкан. Ал эми Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль алып байгелүү орунду ээлеген.