БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын командасы Т-72Б3 танкасы менен "Танк биатлону – 2021" эл аралык мелдешине катышып, өз тобунда атуу жана айдоо чеберчилиги боюнча биринчи орунду алды. Бул тууралуу Коргонуу министрлиги билдирди.
Бүгүн "Алабино" (Россия) полигонунда Армия эл аралык оюндарында (АРМИ - 2021) Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жарышы өттү. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экипажы катышты.
© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЧлен команды военнослужащих Кыргызстана перед началом индивидуальной гонки в соревнованиях танковых экипажей на международном конкурсе "Танковый биатлон-2021" на полигоне "Алабино"
![Кыргызстандын командасы Т-72Б3 танкасы менен Танк биатлону – 2021 эл аралык мелдешине катышып, өз тобунда атуу жана айдоо чеберчилиги боюнча биринчи орунду алды Кыргызстандын командасы Т-72Б3 танкасы менен Танк биатлону – 2021 эл аралык мелдешине катышып, өз тобунда атуу жана айдоо чеберчилиги боюнча биринчи орунду алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/19/1053677187_0:0:3016:1897_600x0_80_0_0_0fcfea27fe9c74257f8188869592495d.jpg)
Кыргызстандын командасы Т-72Б3 танкасы менен "Танк биатлону – 2021" эл аралык мелдешине катышып, өз тобунда атуу жана айдоо чеберчилиги боюнча биринчи орунду алды
© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТанк Т-72Б3 команды военнослужащих Кыргызстана во время индивидуальной гонки в соревнованиях танковых экипажей на международном конкурсе "Танковый биатлон-2021" на полигоне "Алабино"
![Бүгүн Алабино (Россия) полигонунда Армия эл аралык оюндарында (АРМИ - 2021) Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жарышы өттү Бүгүн Алабино (Россия) полигонунда Армия эл аралык оюндарында (АРМИ - 2021) Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жарышы өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/19/1053677143_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_b03b20fa72979c4317844ba0aa7b0700.jpg)
Бүгүн "Алабино" (Россия) полигонунда Армия эл аралык оюндарында (АРМИ - 2021) Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жарышы өттү
© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТанк Т-72Б3 команды военнослужащих Кыргызстана во время индивидуальной гонки в соревнованиях танковых экипажей на международном конкурсе "Танковый биатлон-2021" на полигоне "Алабино"
![Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экипажы катышты Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экипажы катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/19/1053677148_118:0:3189:2047_600x0_80_0_0_231ac59cf3aaeecfce17a126cce1c655.jpg)
Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экипажы катышты
© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТанк Т-72Б3 команды военнослужащих Кыргызстана во время индивидуальной гонки в соревнованиях танковых экипажей на международном конкурсе "Танковый биатлон-2021" на полигоне "Алабино"
![22-августта өткөн биринчи жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи орунду ээлеген 22-августта өткөн биринчи жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи орунду ээлеген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/08/19/1053677137_140:0:3399:2048_600x0_80_0_0_1cb626d84cc9ab5ad12980ba4fa7fc37.jpg)
22-августта өткөн биринчи жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи орунду ээлеген
Кыргызстандын командасы Т-72Б3 танкасы менен "Танк биатлону – 2021" эл аралык мелдешине катышып, өз тобунда атуу жана айдоо чеберчилиги боюнча биринчи орунду алды
Бүгүн "Алабино" (Россия) полигонунда Армия эл аралык оюндарында (АРМИ - 2021) Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жарышы өттү
Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экипажы катышты
22-августта өткөн биринчи жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи орунду ээлеген
"Кыргызстандын командасы сары түстөгү Т-72Б3 танкасы менен атуу жана айдоо чеберчилигин көрсөтүп, өз тобунда биринчи орунга илинди. Алар беш бутанын баарына тийип, трассаны 26 мүнөт 15 секундда басып өткөн", — деп айтылат маалыматта.
22-августта өткөн биринчи жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи орунду ээлеген. Анда алар трассаны 32 мүнөт 12 секундда басып өтүп, бир бутага тийген.
"Жеке жарыш" деген кийинки этапта (27-август) Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 3-экипажы катышат.
"Танк биатлону" 22-августта башталган. Кыргызстандын командасы экинчи дивизионго кирип, сары түстөгү танкалар менен Лаостун, Малинин жана Мьянманын командаларына каршы чыкты.