00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кабул аэропортундагы жарылуудан каза болгондордун саны 100дөн ашты

© AFP / WAKIL KOHSARВзрывы в аэропорту Кабула
Взрывы в аэропорту Кабула - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Өткөн түнү Кабулдагы аэропортко жакын жерде эки ирет жардыруу болгону кабарланган. Алгач 40 киши каза тапканы, жабыркагандардын арасында аялдар менен балдар дагы бар экени айтылган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Афганистандын борбор калаасында жайгашкан аэропорттогу жарылуудан каза болгондордун саны 100дөн ашты. Бул тууралуу Wall Street Journal гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, түндө Кабулдагы аэропортко жакын жерде эки ирет жардыруу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 40 киши каза тапканы, жабыркагандардын арасында аялдар менен балдар дагы бар экени айтылган.

Ал эми акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 100дөн ашты. Алардын 90у жергиликтүү тургундар, 13ү америкалык аскерлер экени белгилүү болду.

"Биринчи жарылуу аэропортко жакын жайгашкан Baron мейманканасынан анча алыс эмес жерде болгон. ЖМКлардын маалыматына караганда, бул жерге АКШ, Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин жарандары чогулган. Жарылууну террорчу жан кечти уюштурган", — деп айтылат кабарда.

Маалыматка караганда, бул чабуулдар боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна "Ислам мамлекети" террордук уюму алды. Ал эми АКШ буга "Вилаят Хорасан" уюмунун тиешеси бар деп эсептөөдө.

Афганистандагы бийлик алмашуу

Эвакуация в международном аэропорту Хамида Карзаяв Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Талибдер афгандыктарды Кабулдагы аэропортко киргизбей жатышат
Афганистандан америкалык аскер күчтөрү чыгарылып жаткан тушта "Талибан"* кыймылынын согушкерлери чабуулга өтүшкөн. Өлкөдөгү бир катар ири шаарларды басып алып, 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салышкан. Учурда мамлекетти башкаруунун механизми чечилип жатат. Жаңы бийликке жакын кишилердин РИА Новостиге билдиргенине караганда, бийликти 12 кишиден турган кеңеш башкарат.

Ахмад Масуддун аскерлери жайгашкан Панжшер провинциясы талибдерге каршылык көрсөткөн жападан жалгыз очок болуп калууда.

Кабул аэропорту аркылуу чет элдиктер жана аларга көмөкчү болгон жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат. Алгачкы күндөрү болгон дүрбөлөңдө бир канча адам мерт болгон.

*Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0