00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Инспектордун куралынан каза болгон жаран: шектүү тергөө абагына киргизилди

© AFP / DANIEL RAMALHOКиши тапанчадан атып жатат. Архив
Киши тапанчадан атып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Өткөн түнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаран ага таандык куралдын огу тийип каза болгону айтылган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кайгуул кызматынын инспекторуна таандык табелдик куралдан ок жеп каза болгон 32 жаштагы кишинин өлүмү боюнча Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдирди.

Эске салсак, Бишкекте 27-август күнү Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаран ага таандык куралдын огу тийип каза болгону айтылган. Милициянын маалыматына караганда, саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде Toyota RAV4 автоунаасы менен каршы тилкеде келе жаткан айдоочуну Д.Ж. аттуу инспектор токтоткон. Протокол толтурулуп жаткан маалда милиционер менен жаңжалдаша кеткен А.Ч. аттуу айдоочу документин калтырып коюп кетип калган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин А.Ч. кайра кайтып келип, урушуп, Кайгуул милициясынын инспекторуна басым жасай баштаган. Андан соң күч колдонуу менен милиционердин табелдик тапанчасын алууга аракет кылган. Дал ошол маалда кокусунан куралдан ок чыгып, айдоочуга тийген. Натыйжада ал каза болуп калган.

"Окуя болгон жерде чогултулган материалдар Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасына берилип, андан аркы өндүрүш үчүн УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына жөнөтүлдү", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0