БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда ири өнөр жай ишканаларын инвестициялоо дээрлик 2 миң жумуш ордун түзүүгө жардам берет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАйдаркенский ртутный комбинат, расположенный в городе Айдаркен, где с визитом находится президент КР. 28 августа 2021 года
Жапаров бүгүн, 28-августта, Айдаркен шаарындагы Айдаркен сымап комбинатынын абалы менен таанышты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров ознакомился с состоянием Айдаркенского ртутного комбината, расположенного в г. Айдаркен. 28 августа 2021 года
Президентке ишканага 80 жыл толгону менен ал экономикалык дараметине карабастан учурда оор абалда экени маалымдалды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАйдаркенский ртутный комбинат, расположенный в городе Айдаркен, где с визитом находится президент КР. 28 августа 2021 года
Кадамжай сурма комбинатында 800гө жакын, Айдаркен сымап комбинатында 1000ге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров ознакомился с состоянием Айдаркенского ртутного комбината, расположенного в г. Айдаркен. 28 августа 2021 года
Азыркы учурда бардык адистиктер боюнча жумушчуларды кабыл алуу жүрүп, жаңы жабдуулар алынып жатканы айтылды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГород Айдаркен, в Кадамжайском районе Баткенской области, где с визитом находится президент КР. 28 августа 2021 года
Президент Садыр Жапаров ишканадагы жумушчулар менен баарлашып, суроолоруна жооп берип, алардын каалоолорун укту
Жапаров бүгүн, 28-августта, Айдаркен шаарындагы Айдаркен сымап комбинатынын абалы менен таанышты
Президентке ишканага 80 жыл толгону менен ал экономикалык дараметине карабастан учурда оор абалда экени маалымдалды
Кадамжай сурма комбинатында 800гө жакын, Айдаркен сымап комбинатында 1000ге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө
Азыркы учурда бардык адистиктер боюнча жумушчуларды кабыл алуу жүрүп, жаңы жабдуулар алынып жатканы айтылды
Президент Садыр Жапаров ишканадагы жумушчулар менен баарлашып, суроолоруна жооп берип, алардын каалоолорун укту
Жапаров бүгүн, 28-августта, Айдаркен шаарындагы Айдаркен сымап комбинатынын абалы менен таанышты. Президентке ишканага 80 жыл толгону менен ал экономикалык дараметине карабастан учурда оор абалда экени маалымдалды.
“Комбинатта өндүрүштү жандандырып, аны өнүктүрүү үчүн ага инвестиция зарыл. Бүгүнкү күндө Айдаркен сымап комбинаты жана Кадамжай сурма комбинатына инвестициялоого жана алтын кенин иштетүүгө ниеттенип жаткан компания менен келишим түзүлгөн. Инвестор комбинаттардын өнүмдөрүн дүйнөлүк рынокко чыгарууга даяр”, — деп айтылат билдирүүдө.
Кадамжай сурма комбинатында 800гө жакын, Айдаркен сымап комбинатында 1000ге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө. Азыркы учурда бардык адистиктер боюнча жумушчуларды кабыл алуу жүрүп, жаңы жабдуулар алынып жатканы айтылды.
Президент Садыр Жапаров ишканадагы жумушчулар менен баарлашып, суроолоруна жооп берип, алардын каалоолорун укту. Баарлашуу учурунда алар Жапаровдон инвесторду колдоп берүүнү жана мектеп куруу, суу менен камсыздоо, пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыга байланыштуу социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүнү суранышты.