https://sputnik.kg/20210903/bishkek-sizo-vice-mehri-kyzmat-boshotuldu-1053781563.html
Бишкектин камакта отурган вице-мэри кызматынан бошотулду
Бишкектин камакта отурган вице-мэри кызматынан бошотулду
Sputnik Кыргызстан
Сагындык уулу 23-июль күнү кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алган деп кармалган. 03.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-03T14:12+0600
2021-09-03T14:12+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/04/1050670108_0:18:1081:628_1920x0_80_0_0_edbf3eb18d22ea54cf0aeb27e2a7da1e.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/04/1050670108_0:0:1081:679_1920x0_80_0_0_aa21b6a0ffb64c252cf3fdd3f70023cd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, укмк, азамат сагындык уулу
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, укмк, азамат сагындык уулу
Бишкектин камакта отурган вице-мэри кызматынан бошотулду
14:12 03.09.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Сагындык уулу 23-июль күнү кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алган деп кармалган.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мындай буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Сагындык уулу шаар куруу, архитектура жана жер маселелери боюнча мэрдин орун басары болчу.
Эске салсак, мурдагы вице-мэр УКМК СИЗОсуна 27-сентябрга чейин камакка алынган.
Сагындык уулу 23-июль күнү кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн
9 миң доллар пара алды деп кармаган.
Атайын кызмат билдиргендей, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9 000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда колго түшкөн.