00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

70 жашында көзүнө операция жасаткан жубайлар бири-бирин тааныбай калды

© Фото / Pixabay / Michelle ScottУлгайган жубайлар кол кармашып турушат. Иллюстративдик сүрөт
Улгайган жубайлар кол кармашып турушат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Терри Смит менен Бренда Смит жарым кылымдан бери чогуу жашап келе жатышат. Быйыл дарыгерлер экөөндө тең катаракта илдети күчөп бара жатканын, операция жасатуу зарыл экенин айтышкан.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Улуу британиялык пенсионер жубайлар көздүн көрүүсүн жакшыртуу боюнча операция жасаткандан кийин бири-бирин тааныбай калышкан. Бул тууралуу Metro сайты жазды.

Терри Смит менен Бренда Смит жарым кылымдан бери чогуу жашап келе жатышат. Быйылкы жылдын жаз айларында алар ооруканага көрүнгөн. Дарыгерлер экөөндө тең катаракта илдети күчөп бара жатканын, операция жасатуу зарыл экенин айтышкан.

"30 жылдан бери көз айнек тагынып жүргөн жубайлар операциядан кийин бири-биринде абдан көп өзгөрүүлөр болгонун байкаган. Аялы күйөөсү сакалын кыргандан кийин дагы бетинде түктөр калып каларын, ал эми каштары чар-жайыт болуп саксайып турганын айткан", — деп жазылат кабарда.

Ал эми күйөөсү жубайын таарынтып албоо үчүнбү, айтор, келбетиндеги өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылган эмес.

Офтальмолог Аида Жолочиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Офтальмолог: көзүм деп келген кишиден башка оору таап, аман алып калганбыз
"Мени бир таң калтырганы — аялымдын өзүм сатып берген плащы болду. Мен аны бир нече жылдан бери боз түстө деп ойлоп жүрчүмүн. Көрсө анын өңү жашыл экен. Баса, Бренданын шакегиндеги баалуу таш дагы мынчалык кулпуруп, укмуштуудай көрүнөрүн билген эмесмин", — деди Терри Смит.

Учурда үй-бүлө үйүндөгү көз айнектердин бардыгын ыргытып, жаңыча көз караш менен жашай баштаганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0